Женевада Иран менен Евробиримдиктин 3 өлкөсү – Улуу Британия, Германия жана Франциянын ортосундагы өзөктүк маселе боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы аяктады.
Консультациялардын жыйынтыгында Ислам Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Казем Гарибабади Иран дипломатиянын жана талаштуу маселелерди өз ара пайдалуу чечүүнүн жактоочусу бойдон калууда деп билдирди.
“Эки тарап тең 2231-резолюция боюнча өз көз караштарын айтышты. Иран дипломатияга жана эки тарапка тең пайдалуу чечим табууга умтулган бойдон калууда. Евроүчтүк жана БУУнун Коопсуздук Кеңеши үчүн дипломатияга убакыт жана мейкиндик берүү менен туура тандоо жасоого убакыт келди”, – деп жазган Гарибабади X соцтармактагы баракчасына.
Иран тараптан сүйлөшүүлөргө тышкы иштер министринин орун басары Мажид Тахт-Раванчи да катышты
Тышкы иштер министрликтердин жетекчилеринин орун басарларынын деңгээлиндеги жолугушууда “евроүчтүктүн” талабы талкууланды, ага ылайык, Иран МАГАТЭ инспекторлорунун өзөктүк объектилерге кирүү мүмкүнчүлүгүн калыбына келтириши керек, ошондой эле Ирандын өзөктүк программасы боюнча жаңы келишимге жетишүү үчүн дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү жандандырышы керек. Антпесе, Тегеран 2015-жылдагы келишим боюнча жоюлган санкциялардын кайра күчүнө кириши алдында турат.
АКШ менен Евробиримдиктин 3 өлкөсү өзөктүк келишимди түзүүнүн акыркы мөөнөтү катары августтун аягын белгилөөнү макулдашышкан. Сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпаса, “евроүчтүк” Иранга каршы БУУнун Коопсуздук Кеңешинин санкцияларын жаңырта турган snapback механизмин ишке киргизүүнү пландаштырууда. Батыш өлкөлөрү бул механизмди 18-октябрда ишке киргизиши мүмкүн. Тегеран эгер санкциялар калыбына келтирилсе, өзөктүк куралды жайылтпоо келишиминен чыгабыз деп коркутту.
Ошол эле маалда МАГАТЭнин башкы директору Рафаэль Гросси Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) инспекторлорунун биринчи тобу Иранга кайтып келишкенин жана Ислам Республикасынын өзөктүк объектилериндеги ишин кайра баштоого даярданып жатышканын билдирди.



















