Айрым адамдар Иран дегенде санкциянын астында жашаган, өнүкпөгөн жана кооптуу өлкөнү элестетишет. Маалымат чөйрөсүндө (ЖМК) да Иран жана аны менен байланышкан бардык нерселер тууралуу терс жана калыс эмес мамилени калыптандырган көптөгөн мифтер жана ишенимсиз маалыматтар бар.
Мындай пикирин “Нур ТВ” телеканалынын редактору, кинематографист жана журналист Каныбек Темиров “Eurasia Today” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, буга чейин ал дагы кыргызстандык кесиптештери сыяктуу эле (журналисттер) Иранды өз көздөрү менен көргөнгө чейин Иран тууралуу башкача ойдо болушкан.
Эске салсак, былтыр жайында Кыргызстандын тележурналисттери Иранга сегиз күндүк пресс-тур менен барып келишкен. Сапардын алкагында медиа өкүлдөрү 8 миллиондон ашуун калкы бар борбор шаары Тегеран жана маданий борбору деп эсептелген Исфахан шаарларында болушуп, өлкөнүн тарыхы, маданияты менен жакындан таанышып, азыркы заманбап жашоосун өз көздөрү менен көрүп гана тим болбостон, маалымат каражаттарында болушуп, тажрыйба да алмашып кайтышкан.
Темиров Иран тууралуу аларда бул кызыктуу жана бай өлкөнүн саясатын мындай кой, жадагалса анын маданияты, эли, каада-салты жана үрп-адаттары жөнүндө чын жана толук маалымат жетишсиз болгонун белгиледи.
“Чыгармачыл адам катары мени саясатка караганда маданият көбүрөөк кызыктырат, бирок бүгүнкү күндө анын бирин экинчисиз элестетүү мүмкүн эмес. Көрсө, ирандыктар маданий жактан бизден анчалык деле алыс эмес экен, бизде тарыхый жалпылыктар көп экен. Иранда көчмөндөрдүн да руху бар, анткени ал жерде көчмөн улуттар да жашайт экен. Дин жагынан алар да ислам динин тутушат, ыйык Куранды, пайгамбарларды жана башка диндерди урматташат”, – деди ал.
Каныбек Темиров Иранда патриоттук жана Мекенге болгон сүйүү руху абасына сиңип калгандай экенин, аларды шаардын бардык көчөлөрүнөн дубал бетине тартылган муралдардан, баннерлерден жана ураандардан көрүүгө болорун кошумчалады.
“Идеология адамдарда жоопкерчиликти, чын ыкластуу милдет сезимин пайда кылат. Дал ушул идеянын аркасында Иран бардык санкцияларга карабай 45 жылдан бери өз алдынча өнүгүп келе жатат. Ал элдин рухун бекемдеп, укмуштуудай зор рухту берет”, – деди ал.
Ал ошондой эле эл аралык аренада жана киноиндустрияда өзгөчө орунду ээлеген Иран киносун өзүнчө белгилеп, анын негизги айырмачылыгы гуманизмди, жакшылыкка ишенүүнү, үй-бүлөлүк баалуулуктарды, каада-салттарды урматтоону, Кудайга ишенүүнү жана жогоруда айтылгандай Мекенге болгон сүйүүнү пропагандалоо деп атоого болот деди.
Каныбек Темиров жыл сайын Кыргызстанда Иран кинотасмаларынын жумалыгы өтөрүн, анда Ирандын көрүнүктүү кино режиссерлорунун тасмалары көрсөтүлөрүн кошумчалады.
Белгилей кетсек, Иран кинолорунун күндөрү Бишкекте акыркы жолу январь айында болуп өткөн. Анда борбор калаанын тургундарына түрдүү жанрдагы, анын ичинде дүйнөлүк кинофестивалдарда бааланган Ирандын заманбап кинорежиссёрлорунун тасмалары тартууланган.















