Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун расмий өкүлү, бригадалык генерал Хусейн Мохеби Кувейттин аэропортундагы жүргүнчүлөр терминалынын жабыркашы боюнча комментарий берип, Ирандын Аба-космостук күчтөрү бул объектти бутага албаганын билдирди.
Анын айтымында, Кувейт аэропортунун жүргүнчүлөр терминалына америкалык Patriot абадан коргонуу системасынын ракетасы тийген.
“Кувейттин жүргүнчүлөр терминалына сокку урууга байланыштуу окуяны иликтөө жана текшерүү Ислам революциясынын сакчылар корпусунун Аэрокосмостук күчтөрү бул бутага эч кандай ракета учурбаганын көрсөтүп турат. Кувейт аэропортунун жүргүнчүлөр терминалынын талкаланышы америкалык Patriot системаларынын катасынын натыйжасы болгон, алар ирандык ракеталарды кармоо аракети ийгиликсиз болгондон кийин терминалга кулап түшкөн”, – деп билдирди Мохеби.
3-июнда Кувейттин Жарандык авиация боюнча башкы башкармалыгы эл аралык аэропорттун Т1 жүргүнчүлөр терминалына дрондор жана ракеталар менен чабуул коюлганын билдирген.
Эмираттын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, соккудан бир адам каза болуп, олуттуу материалдык зыян келтирилген.
Кийинчерээк Индиянын Тышкы иштер министрлиги жабырлануучу Индиянын жараны болгонун тактаган. Кувейттин Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жүргүнчүлөр жана аэропорттун кызматкерлерин кошкондо кеминде 63 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан.



















