Иран Ислам Республикасынын өкмөтү Израилдин Тегеранга жана өлкөнүн башка шаарларына жасаган соккуларына жооп берип, анын кесепетинен ирандык аскер башчылары жана илимпоздор каза болгонун билдирди.
IRNA маалымат агенттиги тараткан расмий билдирүүдө иран бийлиги «сионисттик режимдин түнкү агрессиясы Ата-Мекенге карата» Израилдин эл аралык нормаларды көз жаздымда калтырып, «расмий жана ачык террористтик аракеттерге жана согуш чыгарууга» даяр экенин көрсөттү деп белгиледи.
«Иран менен согуш баштоо — от менен ойногон менен барабар жана арстандын бетине тайманбай каршы чыгуу. Мындай түнкү операциялар, айрыкча, ядролук маселеге байланыштуу дипломатиялык сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан учурда, бул режимдин Ирандын күчтүү позициясынан коркконун жана аны дипломатиялык жол менен тыйа албаганын далилдейт», — деп айтылат билдирүүдө.
Тегеран Израилдин Иран аба мейкиндигиндеги аракеттери жана ирандык командирлерди жок кылуусу «сионисттик режимдин террористтик маңызын дагы бир жолу тастыктады» деп билдирди. Иран бийлиги ушул учурдан тартып бардык зарыл коргонуу, саясий жана юридикалык чараларды көрөрүн жана «Израилди жасаган ишине өкүнтүп, сионисттердин уйкусун бузарыбызга» убада берди.
«Жооп катуу, биримдиктүү болот жана эч кандай мунасага барбайбыз, — деп билдирди Иран өкмөтү. — Бизде жооп кайтарууга мыйзамдуу укук бар жана биз аны пайдаланабыз. Бүгүн Иранда эч кандай бөлүнүү жок: бүт эл, мамлекет жана бийлик агрессорго каршы бирдиктүү».
«Биздин ар бир шейитибиз үчүн өч алуу сөзсүз болот. Биз БУУнун Коопсуздук Кеңешине кайрылып, эл аралык тартиптин эрежелерин коргоого чакырабыз. Бирок эгер бул болбой калса да, Жогорку лидер айткандай, “Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн күчтүү колу бул режимди кое бербейт. Өч алуу жакын – сионисттердин уктоочу күрөө тамырынан да жакын”».
Иран бийлиги кырдаал көзөмөлдө экенин жана жооп жакынкы убакта берилерин ырастады.
«Биз баштаган жокпуз. Бирок бул тарыхтын соңку барагын Иран жазат», — деп жыйынтыктайт билдирүүсүн Иран өкмөтү.



















