Иран Ислам Республикасынын Лондондогу элчиси Сейед Али Мусави Британиянын Жакынкы Чыгыш боюнча министри Хамиш Фалконер менен жолугушууда Израилдин Иранга каршы майзамсыз арактетин айыптоого чакырды.
IRNA агенттигинин маалыматына ылайык, Иран Ислам Республикасынын Лондондогу элчилиги X социалдык тармагына мындай билдирүү жарыялады:
“Иран Ислам Республикасынын элчиси Сейед Али Мусави Улуу Британиянын Жакынкы Чыгыш боюнча министри Хамиш Фалконер менен Тышкы иштер министрлигинде Ирандын аскер командирлери, көрүнүктүү окумуштуулары жана бир катар жай тургундарынын өлүмүнө алып келген Израиль режиминин акыркы агрессивдүү аракетин талкуулоо үчүн жолугушту”.
Билдирүүгө караганда, Иран Ислам Республикасынын элчиси бул кол салуу Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө мамлекетке каршы ачык агрессия экенин белгилеп, Британияны Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү катары бул мыйзамсыз агрессияны айыптоого чакырды.
Иран элчиси ошондой эле Лондондун Израилге карата акыркы позициясына токтолуп, израилдик өкмөттүн кээ бир министрлерине каршы санкциялардын киргизилишин кубаттады.
Ал Ирандын өзүн өзү коргоо укугун БУУнун Уставына ылайык мыйзамдуу укук деп атап, Иран Ислам Республикасы бул укукту өзү аныктаган убакта жана тартипте колдоно турганын баса белгиледи.
Мусави ошондой эле бул укукту ишке ашырууда үчүнчү тараптар кийлигишүү же тоскоолдук жарата албастыгын эскертти.
Иран элчилигинин маалыматына караганда, Хамиш Фалконер жолугушууда Ирандын жабыр тарткан элине тилектештигин билдирип, британ өкмөтүнүн Израилдин чабуулуна эч кандай тиешеси жана маалыматы жок экенин баса белгиледи.
Британ расмийлери буга чейин Батыш Азия чөлкөмүндөгү чыңалуунун күчөшүн эскертип, Иран менен Израил режимин сабырдуулукка чакырган өзүнчө билдирүүлөрдү тараткан.
Британиянын премьер-министри Кир Стармер Израилдин Иранга жасаган соккулары тынчсызданууну жаратып жатканын айтып, эки тарапты чыңалууну азайтууга чакырганын The Daily Telegraph басылмасы жазган.
“Чабуулдар тууралуу кабарлар тынчсыздандырат. Бардык тараптарды артка чегинүүгө жана чыңалууну тез арада азайтууга чакырабыз. Эскалация аймакта эч кимге пайда алып келбейт. Азыр кармануунун, сабырдуулуктун жана дипломатияга кайтуунун мезгили”, – деген Стармер.
13-июнь жума күнү эртең менен Израилдин Иранга каршы, анын ичинде Тегеранга жана өлкөнүн бир катар шаарларына жасаган террордук чабуулунан улам бир катар жогорку даражалуу аскер командирлери, илимпоздор жана жай тургундар каза болушту.
Буга жооп ирээтинде Иран 13-июнь күнү кечинде Израилдеги аскердик буталарга каршы “Чындык убада 3” операциясын баштап, жүздөн ашуун буталарга баллистикалык ракеталар менен сокку урду.



















