Бишкектеги Иран Ислам Республикасынын элчилигинде Израилдин чабуулдарынан каза болгондордун элесине Көңүл айтуу китеби ачылды.
Бул тууралуу жеринен “Еurasia Тoday” агенттигинин кабарчысы билдирет.
12 күндүк согушта израилдик режимдин кол салууларында Иранда 900дөн ашуун адам каза болгон, алардын арасында жогорку даражалуу аскер адамдары, окумуштуулар, аялдар жана балдар бар. Азыркы учурда мектеп окуучуларынын арасынан 30 киши жана 7 мугалим каза болгону белгилүү.
Көңүл айтуу китепчесине кыргызстандыктар, ар кайсы өлкөлөрдүн дипломаттары, мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү жана дин кызматкерлери көңүл айтуу сөздөрүн калтырышты. Атап айтканда, Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин орун басары Темирбек Эркинов, мурдагы акыйкатчы, укук коргоочу Турсунбек Акун, ошондой эле Индия, Пакистан, Россия, Өзбекстан, Казакстан, Кытай жана башка мамлекеттердин элчилери Иран элине чын дилинен көңүл айтышты.


































Discussion about this post