Иран Франция, Германия жана Улуу Британия демилгелеген санкциялар кайрадан киргизилгенден кийин Ядролук куралды жайылтпоо келишиминен (ЯКЖК) чыгуусу мүмкүн. Бул тууралуу иран парламентинин депутаты билдиргенин Tengrinews.kz Euronewsка шилтеме жасап жазды.
Тегеранда ошондой эле өлкө ядролук курал түзүү менен алектенеби же жокпу деген маселе көтөрүлөт.
Ирандык мыйзам чыгаруучулар БУУнун Тегеранга карата киргизилген жаңы санкцияларына кандайча жооп кайтаруу маселесин талкуулашты. Санкциялар жекшемби түнү күчүнө кирген. Парламентарийлердин бири өлкө ЯКЖКдан чыгышы мүмкүн экенин билдирди.
Депутат Исмаил Коусари: «Жок, бул бомба түзүүгө багыт алуу дегенди билдирбейт. Бул маселе кийин өзүнчө каралышы мүмкүн жана зарыл болсо күн тартибине киргизилет», — деп белгиледи.
Парламент спикери Мохаммад Багер Галибаф болсо БУУнун санкцияларын аткаруучуларга эскертүү жасады. Ал ошондой эле санкцияларды кайра киргизүүгө жооптуу болгон үч европалык өлкөгө (Франция, Германия жана Улуу Британия) Иран жооп чараларын көрөрүн билдирди.
«Эгер кандайдыр бир өлкө ушул мыйзамсыз резолюциялардын негизинде Иранга каршы чара көрүүнү кааласа, анда Ирандын олуттуу жооп чаралары менен бетме-бет келет. Бул мыйзамсыз аракеттердин демилгечилери болгон үч европа өлкөсүнө карата да тиешелүү чаралар көрүлөт», — деди Галибаф.
Санкциялар Ирандын чет өлкөдөгү активдерин тоңдурууну, Тегеран менен курал соодасын токтотууну, баллистикалык ракеталар боюнча программасын өнүктүрүүгө байланыштуу жазаларды жана башка чараларды камтыйт.
Үч европа өлкөсү жекшемби күнү «алар жооп соккусун болтурбоо үчүн бардык аракеттерди жасаганын» билдиришти. Бирок Иран МАГАТЭнин инспекторлоруна өзүнүн ядролук объектилерине кирүүгө уруксат бербегенин, ошондой эле байытылган урандын кору боюнча отчёт даярдап, МАГАТЭге өткөрүп бербегенин айтышты.



















