АКШнын Иранга жасаган аба соккулары эл аралык укукту жана БУУнун Уставын одоно бузуу болуп эсептелет.
Бул тууралуу Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлү Амир Саид Иравани билдирди.
«АКШнын Ирандын эгемендүүлүгүнө жана аймактык бүтүндүгүнө карата жасаган аскерий агрессиясы — эл аралык укуктун жана БУУнун Уставында белгиленген милдеттүү нормалардын одоно бузулушу экени талашсыз», — деп жазылган Ираванинин БУУнун Коопсуздук Кеңешинин төрагасына жана баш катчысына жөнөтүлгөн катында.
Катта мындай деп да айтылат:
«Эл аралык тынчтык менен коопсуздукка коркунуч жараткан мындай жапайычылык жана кылмыштуу аракеттердин олуттуу жана терең кесепеттерин эске алуу менен, Иран Ислам Республикасы Коопсуздук Кеңешин бул ачык жана мыйзамсыз агрессияны талкуулоо үчүн шашылыш жыйын өткөрүүгө чакырат».

















