Иран буудай өндүрүү боюнча өзүн-өзү камсыз кылуу деңгээлине жетип, чет өлкөлөрдөн буудай импорттоого муктаж болбой калганын өлкөнүн Айыл чарба министри Голамреза Нури билдирди.
“Өлкө буудай өндүрүү менен өзүн-өзү камсыздоого жетишти жана негизги данды импорттоого муктаж эмес”, – деди Нури.
Анын айтымында, быйыл өлкө боюнча дыйкандардан 12 миллион тонна буудай сатылып алынган жана өндүрүш көлөмү бул көрсөткүчтөн алда канча ашат.
Эске салсак, буга чейин Ислам Республикасынын айыл чарба министринин орун басары Алиреза Мохажер 2023-жылдын мартынан 2024-жылдын мартына чейин өлкөдө буудай өндүрүүнүн көлөмү 10,5 миллион тоннаны, буудай импортунун көлөмү 1 миллион тоннаны түзгөнүн билдирген.
Ал Иран өзүн-өзү буудай менен камсыздай аларын айтып, 2025-жылдын мартына чейин бул данды импорттоо планы жок экенин билдирген.
Анын айтымында, Иран акыркы эки жылдын ичинде буудай импортунун көлөмүн жети эсе кыскартты – жылына 7 миллион тоннадан 1 миллион тоннага чейин.
Мохажер өлкөнүн агро өнөр жай тармагынын негизги көйгөйүн “айыл чарба жерлеринин кыскарышы” деп атап, мамлекет бул маселени чечүүгө күч-аракетин жумшай турганын кошумчалады.
Буудайдын эң ири жана негизги жеткирүүчүсү болгон Россиядан Иран буга чейин жыл сайын 2,5 миллион тоннадан 3 миллион тоннага чейин дан импорттоп келген.

















