Иран БРИКСтин Жаңы өнүктүрүү банкынын биримдиктеги ролун жогору баалайт жана ага кошулууга ниеттенүүдө.
Бул тууралуу Ислам Республикасынын Борбордук банкынын башчысы Мохаммад Реза Фарзин БРИКСке мүчө өлкөлөрдүн каржы министрлери менен борбордук банктарынын жетекчилеринин Москвадагы жолугушуусунан кийин билдирди.
“БРИКС тарабынан түзүлгөн жаңы өнүктүрүү банкы көптөгөн БРИКС өлкөлөрүнүн өнүгүү максаттарына жооп бере алат, анткени Дүйнөлүк банк бүгүнкү күндө Америка Кошмо Штаттарынын жана Батыш өлкөлөрүнүн гана кызыкчылыгында иш алып барат. Биз бул банкка мүчө болууну көздөп жатабыз», – деп жазган ISNA агенттиги Фарзиндин сөзүн.
Буга чейин 11-октябрда Ирандын Борбордук банкынын төрагасы Мохаммад Реза Фарзин Москвада Россия Федерациясынын Борбордук банкынын жетекчиси Эльвира Набиуллина менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Жолугушуунун максаты – эки өлкөнүн банк тармагындагы кызматташуусун бекемдөө маселелерин талкуулоо болгонун Ирандын Борбордук банкынын өкүлү Мостафа Гамари Вафа билдирген.
Жаңы өнүктүрүү банкынын түзүлүшү
Жаңы өнүктүрүү банкы 2014-жылы июлда Бразилиянын Форталеза шаарында өткөн бирикменин VI саммитинде кол коюлган өкмөттөр аралык келишимдин негизинде БРИКС өлкөлөрү тарабынан түзүлгөн.
Банктын ишмердүүлүгүнүн максаты – БРИКС өлкөлөрүндө жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө инфраструктуралык долбоорлорду жана туруктуу өнүгүү долбоорлорун каржылоо.
Банктын өздүк капиталы 100 миллиард долларды түзөт.
Анын баалуу кагаздары S&P Global Ratings тарабынан “AA+” деңгээлиндеги узак мөөнөттүү милдеттенмелер боюнча эл аралык кредиттик рейтингге ээ.



















