Ирандын Бириккен Араб Эмираттарына кол салууга эч кандай ниети же максаты жок.
Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик телерадиокомпаниясы жогорку даражалуу аскер кызматкерине шилтеме жасап билдирди.
4-май күнү БАЭнин бийлиги Эль-Фуджайра эмиратындагы мунай өндүрүш комплексинин аймагына учкучсуз учуучу аппарат сокку ургандан кийин катуу өрт чыкканын билдирген.
Окуядан Индиянын үч жараны жаракат алганы маалымдалган.
Ошондой эле Ирандын жогорку даражалуу аскер кызматкери Ирандын бир нече катери АКШ тарабынан чөктүрүлдү деген маалыматтарды четке какты.
Буга чейин Associated Press агенттиги АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгынын башчысы адмирал Брэд Куперге шилтеме берип, АКШнын аскердик тик учактары Ормуз кысыгында Иранга таандык алты чакан катерди чөктүргөнүн кабарлаган.
Ал Ирандын Аскер-деңиз күчтөрүнө таандык бир да кеме АКШ тарабынан чөктүрүлгөн эместигин билдирди.
Буга чейин Ирандын аскерлери Ормуз кысыгынан өтүүгө аракет кылган америкалык кемелер тарапка эскертүүчү ок чыгарышканы маалымдалган.
Бул маалымат АКШнын президенти Дональд Трамп Ормуз кысыгында калып кеткен кемелерди чыгаруу боюнча «Эркиндик» аттуу операция башталарын жар салгандан кийин чыккан. Бул операция Жакынкы Чыгыш убактысы боюнча 4-май күнү эртең менен башталмак. АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы (CENTCOM) операциянын алкагында эсминецтер, учактар жана 15 миң аскер тартыларын билдирген.
Иран Ормуз кысыгына кирүү аракеттерине жооп кайтаруу чараларын көрөрүн эскерткенин жана аларды ок атышууну токтотуу келишимин бузуу катары баалай турганын баса белгилеген.

















