Ирандын куралдуу күчтөрү коргонуу жана аскердик техникаларын масштабдуу түрдө экспорттоого даяр, деп билдирди Ислам республикасынын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Мухаммад Багери.
«Ислам Республикасынын коргонуу жана аскердик потенциалын көрсөтүү жана биргелешип пайдалануу өлкөнүн коргонуу байланыштарын өнүктүрүүнү жана (дос болбогон күчтөрдү – ред.) басууну бекемдей алат… Ирандын куралдуу күчтөрү… (башка өлкөлөр менен – ред.) ар түрдүү тармактарда, анын ичинде коргонуу жана аскердик техникаларды ири көлөмдө экспорттоо, ошондой эле билим берүү, машыгууларды өткөрүү жана топтогон тажрыйбаны практикалык методдор менен өткөрүп берүү боюнча мамилелерди өнүктүрүүгө толук даяр”, – деп билдирген Багеринин сөзүн YJC агенттиги келтирди.
Эске салсак, былтыр ноябрда Иран өзүнүн биринчи гиперүндүү баллистикалык ракетасын жасап чыгарганын жар салган.
Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аэрокосмостук күчтөрүнүн командачысы Амирали Хажизаде бул жаңы ракета абадан коргонуунун бардык системаларынан буйтап өтө аларын, жана ондогон жылдар бою ага туруштук берүүгө жөндөмдүү технологиялар пайда болот деп ойлобой турганын билдирген.
Хажизаде жаңы жасалган ракета душмандын ракетага каршы системаларын жок кылуу үчүн иштелип чыкканын, мындай куралдардын пайда болушу менен өлкөнүн ракета өндүрүшүндө чоң секирик жасалганын баса белгилеген.
Акыркы жолу Ирандын Коргоо министрлиги 25-майда алыскы аралыкка учуучу “Хайбар” деп аталган жаңы стратегиялык баллистикалык ракетасы көрсөткөн. Буга чейинки моделдердин модернизацияланган түрү болгон ракета “Хоррамшахр” сериясына таандык. Анын учуу аралыгы 2000 чакырымга жетет.
Ирандын Коргоо министри, бригадалык генерал Мохаммад Реза Аштиани ракета 1500 килограммга чейинки ар кандай түрдөгү согуштук дүрмөттөрдү көтөрүп жүрө аларын, мобилдүү жана колдонууга кыска убаакыттын ичинде даяр болорун билдирген.