Иран Москва облусунда өтүп жактан “Армия-2023” Эл аралык аскердик-техникалык форумунда учкучсуз учуучу аппараттардын ар кандай түрлөрүн, анын ичинде “Shahin” учкучсуз учуучу аппаратын, ошондой эле радиоэлектрондук күрөш жана радиочалгындоо комплекстерин көрсөттү.
Атап айтканда, Ирандын стендине “Arash”, “Ababil-5”, “Karrar”, ошондой эле “Hunter-2” радиоэлектрондук күрөш системасы коюлган.
Мындан тышкары, стендде ата-мекендик өндүрүштөгү биринчи электрондук учкучсуз учуучу аппарат болгон “Shahin” аппараты көрсөтүлдү. Аппарат беш электрондук кыймылдаткыч менен жабдылган жана эки-үч саат кыймылда боло алат, учуунун максималдуу бийиктиги болжол менен 4 км.
Ирандын Коргоо министрлигинин стенди бир нече зонага бөлүнгөн, анын ичинде GB125 башкарылуучу бомбалар, “Yasin” согуштук машыгуу учагы, катерлер жана SM-300 кемеге каршы канаттуу ракета системасы бар.
“Армия-2023” эл аралык аскердик-техникалык форуму 14-августтан 20-августка чейин “Патриот” конгресс-көргөзмө борборунда, Алабино полигонунда жана Кубинка аэродромунда өтүүдө.