Иран менен АКШнын өзөктүк келишим боюнча кыйыр сүйлөшүүлөрүнүн алтынчы айлампасын 15-июнда Омандын борборунда өткөрүү пландалып жатканын Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Багаи билдирди.
“Өткөн консультацияларды эске алуу менен, Иран-АКШнын кыйыр сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасын жекшемби күнү Маскатта өткөрүү пландалууда”, — деп айтылат Ирандын Тышкы иштер министрлигинин Telegram-каналында жарыяланган билдирүүсүндө.
Багаи ошондой эле Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи 11-12-июнда Норвегияга барарын, ал жерде Ослодогу форумга катышарын билдирди.
Иран менен АКШ Омандын ортомчулугу менен Ирандын өзөктүк программасы боюнча кыйыр сүйлөшүүлөрдүн беш айлампасын өткөрүштү. Алардын акыркысы 23-майда Римде өткөн.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи сүйлөшүүлөрдө прогресске жетишүү үчүн тоскоолдуктарды жоюуга жардам бере турган Оман сунуш кылган механизмдерди жарыялаган. Анын айтымында, мындай прогресс бир-эки раунддан кийин мүмкүн.
Тараптар уранды байытуу боюнча келишимге келе элек. АКШ Ирандан уранды байытуудан баш тартууну талап кылса, иран тарап мындай талаптарды четке кагып, эгерде Вашингтон Тегерандан уранды байытуу технологиясынан баш тартууну талап кылса, тараптар бир пикирге келе албасын билдирди.
Ошол эле учурда Иран уранды байытуу деңгээлин төмөндөтүү мүмкүн экенин, ошондой эле Ирандын өзөктүк программасынын тынчтык мүнөзүн көрсөтүү үчүн өзүнүн өзөктүк ишмердүүлүгүн инспекторлордун көбүрөөк көзөмөлдөөсүнө мүмкүндүк берүүгө даяр экенин билдирген.
2015-жылы Иран менен АКШ, Франция, Германия, Улуу Британия, Кытай, Россия өзөктүк келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Тегеран уран байытууну чектеп, буга жооп катары Иранга киргизилген экономикалык санкциялар алына баштаган. Бирок 2018-жылдын май айында Дональд Трамп президент болуп турганда АКШ келишиминен чыгып, Тегеранга каршы санкцияларды калыбына келтирген. Буга жооп катары Иран келишим боюнча милдеттенмелерин этап-этабы менен кыскартканын жарыялаган.


















