АКШ Иранга кайрадан сокку урууну чечүү менен эки өлкөнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун негизги жоболорун одоно түрдө бузду. Бул тууралуу Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий билдирүүсүндө айтылат.
«Бул агрессиялык чабуулдар аскердик операцияларды токтотууну караган меморандумдун 1-пунктун ачык жана одоно бузуу болуп саналат», — деп белгиленет билдирүүдө.
Ирандын Тышкы иштер министрлиги ошондой эле чыңалуунун күчөшүнөн келип чыгышы мүмкүн болгон кооптуу кесепеттер үчүн жоопкерчилик өздөрү алган милдеттенмелерди бузуп жаткан АКШнын мойнунда экенин баса белгиледи.
Белгилей кетүүчү жагдай, 9-июлга караган күнү кечинде өлкөнүн түштүгүндө жана түндүгүндө, анын ичинде Бандар-Аббас, Конарак, Сирик, Жаск, Ираншахр, Аккал жана Чабахар шаарларында жарылуулар болгон. Ушул сыяктуу окуялар Перс булуңундагы Абу Муса аралында да болгон.
Чабахарда АКШнын соккулары оорукананын имаратына жана диспетчердик мунарага зыян келтирген. Шаарда электр энергиясы да үзгүлтүккө учураган.
Ал эми 8-июлга караган түнү АКШнын Куралдуу күчтөрү ок атууну токтотуу келишим бузуп, Иранга бир катар аба соккуларын жасаган. Борбордук командачылыгы (CENTCOM) бул соккулар Ормуз кысыгындагы соода кемелерине каршы Тегерандын аракеттерине жооп катары жасалганын билдирген.
Америкалык күчтөр Ирандын абадан коргонуу системаларына, башкаруу тармактарына, жээктеги радарларга, кемелерге каршы ракеталарга жана кысыкта жана анын жанында жайгашкан Ислам революциясынын сакчылар корпусунун 60тан ашык чакан катерине сокку урган.
Андан көп өтпөй Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу АКШга жооп катары Бахрейн жана Кувейттеги америкалык 85 аскердик объектиге сокку урду.


















