АКШдагы президенттик шайлоодо ким жеңгени Иран үчүн айырмасы жок.
Бул тууралуу Ирандын презеденти Масуд Пезешкиан АКШдагы шайлоонун жыйынтыгына комментарий берип жатып билдирди.
АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өттү. Трамп шайлоочулар коллегиясынын зарыл болгон 270тен көп добушун алып, атаандашы, Демократиялык партиянын талапкери Камала Харристен озуп чыгып, өлкөнүн 47-президенти болуп шайланды.
“АКШдагы шайлоодо ким жеңгени бизге эч кандай айырмасы жок, анткени биздин өлкө өзүнүн ички күчүнө таянат”,- деди Пезешкиан.
Ирандын Тышкы иштер министри Аббас Аракчи Х соцтармактагы баракчасына Америка эли өз тандоосун жасаганын белгилеп, Иран Америка элинин өзү каалаган президентин тандоо укугун урматтай турганын жазды.
“Президентибиздин инаугурациясынан кийин дароо эле ХАМАСтын лидери Исмаил Ханиянын өлтүрүлгөнү эсиңердеби? Аны ким
жана эмне үчүн жасаганын баары билерин кошумчалады.
Ал эми Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Эсмаил Багаи АКШнын жаңы президенттик шайлоосу Вашингтонго мурунку каталарды оңдоого, ошондой эле эски туура эмес ыкмаларды кайра карап чыгууга мүмкүнчүлүк берерин айтты.
“Америка Кошмо Штаттарынын президентин тандоо жоопкерчилиги элдин мойнунда. Эми эл өз тандоосун жасады. Бул шайлоолор мурда кабыл алынган жаңылыш ыкмаларды кайра карап чыгууга жана кайра ойлонуп чыгууга мүмкүнчүлүк болуп саналат”,-деди Багаи IRNA агенттиги менен болгон маегинде.














