Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча Жогорку кеңешинин катчылыгы Тегеран менен Вашингтон өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун текстин даярдоо иштерин толугу менен аяктаганын ырастады.
«Улуттук коопсуздук боюнча Жогорку кеңештин чечиминин негизинде, Иран менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө байланышкан өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун тексти (Исламабад сүйлөшүүлөрү) 15-июнь күнү кечинде акыркы ирет толук иштелип чыкты», — деп айтылат Коопсуздук кеңешинин билдирүүсүндө.
Билдирүүдө белгиленгендей, «бардык фронттордогу, анын ичинде Ливандагы согуш жана аскердик операциялар дароо жана биротоло токтотулат».
«Мындан тышкары, Иранга карата деңиз блокадасы дароо жана толугу менен жоюлат», — деп баса белгиленет билдирүүдө.
Ошондой эле Ирандын Коопсуздук кеңеши меморандумга расмий түрдө 19-июнда кол коюларын ырастады.
Маалыматка ылайык, акыркы келишимди түзүү боюнча сүйлөшүүлөр АКШ меморандум боюнча өзүнө алган милдеттенмелерин аткаргандан кийин гана улантылат.
Билдирүүдө Иран ошондой эле ортомчулук аракеттери үчүн Пакистан менен Катарга ыраазычылык билдирди.
Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен тынчтык келишимине жетишилгенин жарыялаган.

Документ 14 пункттан турат:
- Бардык фронттордо, анын ичинде Ливандагы согуштук аракеттерди дароо жана биротоло токтотуу;
- АКШ Ирандын ички иштерине кийлигишпөөгө жана анын эгемендүүлүгүн урматтоого милдеттенет;
- Деңиз блокадасын 30 күндүн ичинде толугу менен алып салуу;
- АКШ Иранга жакын жайгашкан аймактардан өз аскерлерин чыгарат;
- Ормуз кысыгын ачуу;
- Ирандын мунай сатышына карата колдонулуп келген санкцияларды токтотуу;
- АКШ жана анын өнөктөштөрү Ирандагы объектилерди калыбына келтирүү үчүн 300 миллиард долларлык реконструкциялоо пландарын сунушташат;
- Акыркы келишимге жетишүү үчүн 60 күндүн ичинде сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт;
- Иран өзүнө өзөктүк курал өндүрбөө милдеттенмесин алат;
- АКШ сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан мезгилде жаңы санкцияларды киргизбөөгө жана аймактагы аскердик катышуусун көбөйтпөөгө милдеттенет;
- Тоңдурулган каражаттарды бошотуу аркылуу Иран 24 миллиард доллар алат;
- Келишимдин аткарылышын көзөмөлдөөчү механизм түзүлөт;
- Акыркы келишим Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясы аркылуу бекитилет;
- Акыркы сүйлөшүүлөр Ирандын тоңдурулган каражаттарынын жарымы бошотулмайынча, мунай санкциялары токтотулмайынча жана деңиз блокадасы алынмайынча башталбайт.
Документке кол коюу 19-июнда Швейцарияда өтөрү күтүлүүдө. Акыркы келишимди түзүү боюнча сүйлөшүүлөр меморандумга ылайык эки тарап тең өз милдеттенмелерин аткаргандан кийин гана башталат.















