Ирактын премьер-министри жакын арада Иран Ислам Республикасына расмий сапар менен бара турганын билдирди. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү аймактык маалымат каражаттары жазышты.
Al-Sharq Al-Awsat басылмасынын маалыматына ылайык, Ирактын премьер-министри Али аз-Заиди АКШга болгон сапарынан кийин аймактык дипломатиялык аракеттердин алкагында Түркияга, Иранга жана Сауд Арабиясына барарын жарыялады.
Буга чейин, дүйшөмбү күнү, Али аз-Заиди Пакистандын атайын өкүлүнөн аталган өлкөгө расмий сапар менен келүүгө чакыруу алган.

















