Ирак өкмөтү Ирандагы Ислам революциясынын лидери аятолла Сейед Али Хаменейинин каза болушуна байланыштуу өлкө аймагында үч күндүк улуттук аза күтүү жарыялады.
Маалыматтарга ылайык, Ирандын жогорку лидери Али Хаменейи Израиль жана АКШ тарабынан жасалган чабуулдардын натыйжасында каза болгон.
Билдирүүгө караганда, ал каза болгон учурда кызматтык милдеттерин аткарып жаткан жана өз иш бөлмөсүндө болгон.
Ошондой эле Ирандын Fars агенттиги Израиль менен АКШнын соккуларынын кесепетинен Али Хаменейинин үй-бүлөсүнүн төрт мүчөсү да каза болгонун кабарлады.
Агенттиктин маалыматы боюнча, каза болгондордун арасында Хаменейинин кызы, күйөө баласы, небереси жана келиндеринин бири бар.
Учурда окуянын чоо-жайы такталып жатат.



















