Индиянын чыгышындагы Одиша штатында үч поезддин кагылышуусунан каза тапкандардын саны 288ге жетип, 900дөн ашууну жаракат алганын штаттын өрт өчүрүү кызматынын башчысы Судханшу Саранги билдиргенин France-Presse агенттиги билдирди.
Жүргүнчү менен жүк ташуучу поезддердин катышуусундагы кырсык кечээ, 2-июнда жергиликтүү убакыт боюнча саат 19.20ларда Одиша штатындагы Баласор шаарына жакын жердеги “Баханага” станциясына жакын жерде болгон.
Калькуттадан Ченнайга бараткан жүргүнчү поезди жүк ташуучу поезд менен кагышып, каршы жолго кулап, 10-12 вагон рельстен чыгып кеткен. Бир нече убакыт өткөндөн кийин дагы бир жүргүнчү поезд аларды сүзүп, натыйжада жүргүнчүлөрү бар дагы үч-төрт вагон рельстен чыгып кеткен.
“Индия темир жолдору” кырсыкка эки жүргүнчү поезд жана токтоп турган бир жүк ташуучу поезд катышканын маалымдады.
Судханшу Саранги, учурда жүздөн ашуун куткаруучулар куткаруу операциясын улантып жатышканын айтты.
Discussion about this post