Уй эти жана креветкалар: эмне үчүн Россия индиялык эттин негизги сатып алуучусуна айланды.
2025-жылдын январь–октябрь айларында Россия Индиядан ири мүйүздүү малдын этин импорттоону дээрлик үч эсеге көбөйтүп, тарыхый эң жогорку деңгээлге жетти. Бул тууралуу Индиянын соода жана өнөр жай министрлигинин маалыматтарына негизделген РИА Новости жүргүзгөн талдоо көрсөтөт, деп билдирет АН Прайм.
Өткөн жылдын алгачкы он айында россиялык компаниялар Индиядан 84,4 миллион АКШ долларына уй этин сатып алышкан. Бул 2024-жылдын ушул эле мезгилиндеги 29,87 миллион долларга салыштырмалуу кыйла жогору. Бул көрсөткүч, ачык маалыматтар жеткиликтүү болгон 2016-жылдан бери катталган эң жогорку деңгээл болуп саналат.
Эттен тышкары, Индия Россияга деңиз азыктарын жеткирүүнү да олуттуу көбөйттү: ошол эле мезгилде креветкалардын экспорту 134,6 миллион долларды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу үчтөн бирге көбөйгөн.



















