Кыргызстандын Ички иштер министрлиги суу ташкынынан жабыркаган казакстандык кесиптештерине 50 тоннадан ашык гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу ИИМден билдирди.
Гумжардамдын ичинде:
- дары-дармектер;
- желим өтүктөр;
- дизелдик жана электр генераторлор;
- үйлөмө кайыктар;
- чатырлар;
- матрацтар;
- тамак-аш;
- жууркандар, жаздыктар жана шейшептер бар.
«Казакстан менен кызматташтыгыбыз узак тарыхка ээ жана мындай учурда бири-бирибизге колдоо көрсөтүү маанилүү. Бул көрсөтүлгөн гуманитардык жардам табигый кырсыктан жабыркагандарга жеңилдик алып келип, жабыркаган аймактарды калыбына келтирүүгө жардам берет деп үмүттөнөбүз», – деп министрликтен белгилешти.
Белгилей кетүүчү жагдай, мындан мурда президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Казакстандагы суу ташкындан жабыр тарткан элге эки ирет 150 тоннадан азык-түлүк, күнүмдүк турмушка өтө керектүү буюмдардан турган гуманитардык жардам жөнөтүлгөн.



















