Акыркы күндөрү коомчулукта паранжы, Муфтияттын жаңы имараты жана башка диний, билим берүү жаатындагы маселелер кызуу талкууланууда. Биз бул суроолорго жооп алуу үчүн дин таануучу Иманбек Азизила уулуна бир нече суроолор менен кайрылдык.
– Өзбекстанда никабга тыюу салуу тууралуу мыйзам демилгеленип, парламентинде жактырылды. Эми ага өзбек президенти кол койсо паранжыга тыюу салынышы күтүлүүдө. Ага утурлай биздин ЖКдагы айрым депутаттар паранжыга тыюу салуу маселесин көтөрүп, бул жаатта коомчулукта кызуу талаш-тартыш жүрүүдө. Чын эле паранжыга тыюу салыш керекпи? Паранжынын шарияттагы өкүмү кандай? Мамлекет тарабынан паранжыга тыюу салынса динге каршы чечим болуп калбайбы?
– Ислам шариятында эркекке да, аялга да тиешелүү жерлерин жамынуу буйрулган. Эркектердики киндиктен тизеге чейин, тизе кошо авраат эсептелсе, аялзатыныкы эки колу, эки буту жана жүзүнөн башка жерлери авраат деп каралат. Аялзаты жүзүн ачууга уруксат. Демек никабдын (паранжы) негизги өкүмү биздин мазхабда – мустахаб. Бирок фитналуу замандарда ваажибге көтөрүлөт. А мамлекет фарз жана ваажиб болбогон амалдар боюнча зарыл учурда тигиндей же мындай деп чечим чыгара алышы мүмкүн.
Бирок паранжа менин көз карашымда кыйла татаал маселе. Аны мыйзам менен тыйганча, жарандардын өздөрү эле тыйылганы жакшыбы дейм. Ушул багытта түшүндүрүү иштерин күчөтүү, диний агартууну кубаттандыруу зарыл. Мисалы, биздин үрп-адатта кара түс жылуу каралбайт. А шарият жергиликтүү элдин салт-санаасын, үрп-адатын эске алат. Ошондуктан жоолукчан эже-карындаштар капкара түстөн качканы жакшы.
– Мыйзам менен эле тыйып салса болбойбу?
– Өздөрү белгисиз, бирок көтөргөн маселеси белгилүү демилгечилер эки тобокелдикти эске албай жатышат. Биринчиси, динди толук тааныбаган, паранжыны диндин негизги принциптеринен деп билген топ бул мыйзамды динге каршы ачык кысым катары кабыл алышы мүмкүн. Экинчиси, динге салкын караган, улуттук нарк-насилди бетке кармаган катмарлар мыйзамды шылтоо кылып, кадимки хиджабга же жоолукка каршы жаңы күрөш баштап, мыйзамды жоолукка каршы манипуляциялап жибериши мүмкүн. Же болбосо жоолукчан эже-карындаштарга басым өткөрүп, дискриминацияны баштап ийиши ыктымал. Муну кыргызда «бөрк ал десе баш алат» деп коёт. Бул өз кезегинде түшүнбөстүккө жик салып, диний араздашууга жол ачпайт деп эч ким айта албайт.
– Демилгечилер паранжы салт-санаага каршы деп жатпайбы. Анда чечингендер тууралуу эмне дейбиз?
-Качан кыргыз чечинип алып, шортикчен же мини юбкачан эл аралачу эле? Качан кыргыз жарым жылаңачтанып, пляжда жатчу эле? Чечинүү динге, нарк-насилге эле эмес, саламаттыкка да шек келтирет. Тээ Сибирь тараптан келе жаткан абанын муздак агымы казактын даркан талаасын кезип өтүп, Кыргыз Ала-Тоосуна бир урунуп, анан борбордо айланып жатпайбы. Жөн айланбай, киндиги ачык, кыска этекчен кыз-келиндердин талуу жеринен уруп жатпайбы. А түштүк тарапта болсо Алай кырка тоолорундагы абанын муздак массасы күз, кыш айларында жана эрте жазда этектеп согуп, жарым-жылаңачтарды «эмдеп» жатпайбы. Анан көп өтпөй тукумсуздук, «женский» оорулардын түрүнө чалдыгып ооруп жатышат.
Бул көйгөй эркектерде да бар. Керээли-кечке жарым жылаңач денелерди карай берип, сугу өтүп, көзү тийип, бирөөнүн аурасын талкалаганы аз келсенсип, өзү да «мужской» жактан оор сокку алууда. Анан эркектер да тукумсуздукка кабылып, он жылдап дарыланууга мажбур болууда. Таң аткандан күн батканча аялдардын жылаңач денелерин карай берсе, психикасы артка кетип, тийиштүү гормондорунун иштөө процесси бузулуп, шарттуу-шартсыз рефлекстери жайрап, айтор көргүлүктү көрүп жатпайбы. Анан эмнеге эле коомдогу жылаңачтанууга эмес, оронууга каршы чыга беришет, түшүнбөйм.
– Эки жума мурда муфтияттын башкы имараты курулуп, шаан-шөкөт менен лентасы кыркылды. Бул диний жааттагы чоң жаңылык катары бааланды. Бирок диний башкармалыктын башкы имаратын ысымы коррупция менен бекем байланышкан адамдын курушу кандай болуп калат? Байкашымча, айрым замандаштар «арамдан диний объект курган туурабы» деген суроону кабыргасынан коюуда. Чын эле бул диний чөйрө үчүн бет кызарта турган окуя катары карашыбыз керекпи же кадыресе көрүнүшпү? Сиз кандай кабыл алдыңыз? Дегеле арам акчага диний курулуш курса кандай болот?
– Негизи бул маселе абдан чиеленишип кетти. Башкача айтканда, бир сөз кем, эки сөз ашыкча. Ошого бул маселенин бир нече жагын эске алып, комплекстүү баалаш керек.
Биринчиден, арамдан кайрымдуулук кылса жукпайт, арамдын грамм сообу болбойт жана Алланын даргөйүндө ныпым кабыл болбойт. Бул боюнча шариятта жетиштүү далилдер бар.
Экинчиден, ким арамдан кайрымдуулук кылып жатат да, ким адалдан кылып жатат, муну айырмалап берчү бериштелердин «илахий бюросу» жок бизде. Балким, жүз пайыз адал мээнети менен тапкан дүйнөсүнө мечит же диний объект кургандыр. Сүрөөнчүлөр деле жинди эмес да. Арамдан сооптуу иш кылса кылчалык да сооп болбошун алар да эң сонун билет. Ошого адал кирешеден курууга аракет кылышкан чыгар. Мен адалдан курду деп да, арамдан курду деп да так кесе айта албайм. Анткени далилим жок. Бирок адалдан курган чыгар деп күмөндөнүп турам. Анткени шариятта жакшы күмөн (хусну зонн) жаман күмөндөн (суу-и зонн) артык. А коррупционерлерди бул дүйнөдө сот органдары, о дүйнөдө Кудай Таала өзү соттоп алат. Анын үстүнө сөз болуп жаткандар штраф төлөп, мамлекетке келтирилген чыгымды ордуна коюшту окшойт. Демөөрчүлөр эгерде адалдан курса сыйлыгын алат, кылбаса ташбалакет жок. А уурдаган болсо, жазасын алат.
Үчүнчүдөн, кээ бир замандаштар ашкере шектенип, бир гана кишини тим эле коррупциянын символундай көрүп жатат. Ошол кишинин ар бир тыйыны арамдан тургансып. Жанында жекече бухгалтери болуп жүргөндөн бетер. Эгерде ал киши кимдир-бирөөлөр жаманатты кылганчалык ууру, жемкор болбосо, анда эртең кыямат күнү ар бир дооматчыдан өз акысын алат. Ошого билип-билбей адам акысына кирген жаман жосун.
Төртүнчүдөн, кайсы бир кишини жаманатты кылуунун артында негизинен батышчыл журналисттер тургандай. Байкап көрсөң, алардын өтө көпчүлүгү арам-адал менен иши да, чатагы да жок. Бирок өз кызыкчылыгына келгенде молдодон өтүп, «арам-адалдан» кеп козгошууда. Бул тенденциянын түпкүрүн адилет баалап көрсөк, жараян объективдүүлүктөн эбак чыгып, кайсы бир медиахолдинг менен кара-суулук бир үй-бүлөнүн айыгышкан күрөшүнө айланып кеткендей. Б.а. көпчүлүк батышчыл журналисттер бир үй-бүлөгө айыгып алгандай элес калтырат. А биз арам-адалды батышчылдардан эмес, молдо-кожодон сурашыбыз керек го. Мына, диний чөйрө унчуккан деле жок. Болбосо кыйкырып чыкмак да. Арабызда көк жал аалымдарыбыз толтура. Же эмне, диний чөйрөдөгү чындык Чубак ажы менен кошо өлгөн дешкени турабы.
Бешинчиден, өткөн кылымдагы атеисттик режимдин тушунда байларды ыксыз жек көрүү өнөкөтү көпчүлүгүбүздө өтүшүп кеткен. Ошого байланыштуу бай көрсөк эле жек көрө беребиз. Ушунун өзү туура эмес. Ал эми жемкор, коррупционерлерди колдобошубуз керек. Коом аларды чектеп, жектеп турушу зарыл. Бирок бул тандамал болбошу кажет. Кыргызстанда бир гана коррупционер болгонсуп, бир эле кишини тепкилей берген натуура. Чын-чынында Кыргызстанды отуз жылдан бери мүлжүп жеп жаткан 500дөй коррупциялашкан үй-бүлө бар. А эмне үчүн бирөөнү гана тепкилеп жатышат?..
Алтынчыдан, «мечитти кудайга ишенген жана андан корккон адам гана курат» деген аят бар. Тообо сүрөсү, 18-аят. Кайсы жемкорлор эле мечит, медреселерди куруп жатат дейсиз. Жокко эсе. Колунда барлар диний объект курат экен. Эми анысын арамдан куруп жатабы-жокпу, толук далил болмоюнча бир нерсе деш кыйын. Мисалы, бир ууру байдын коюн уурдап, бей-бечарага союп берсе, анысын бей-бечара түк билбесе, жей берет да. Анын арам экенин билбесе не кылсын бечара. Ал үчүн адал эсептеле берет эмеспи.
Жетинчиден, биз өзгөнү коюп өзүбүздү билгенибиз жакшы. Өзүбүздүн кекиртегибизден өтүп жаткан ырыскы адалбы же арамбы, ошого көбүрөөк көңүл бурганыбыз оң. Балким, биз жеп жаткан оокат-ашта арамдын үлүшү бардыр. Байкуш кедей-кембагалдардын акысы бардыр. Мүмкүн биз жеп жаткан гранттарда же гонорарларыбызда ирактык байкуштун, ливиялык жесирдин же сириялык жетимдин ырыскысы бар болуп жүрбөсүн. Ай ким билет, ким билет? Ошого өзүбүздүн башыбыздагы төөнү көрбөй, өңгөнүн башындагы чөптү көргөндөрдөн болбосок…
– Жогоруда мечиттерди «Кудайдан корккон адам мечит курат» деп айттыңыз. Бүгүнкү күндө мечит көп. Бирок ыймандуулук, адамгерчилик, сабыр аз. Мисалы, СССР маалында мечит аз, бирок элде ыйман-ынсап бар болчу. Муну кандай түшүнсө болот?
– Туура, мечиттер көбөйүүдө. Кудай кут кылсын. Бирок мечит көбөйүп, ыймандуулук азайды дегенге таптакыр кошулбайм. Эгерде азыр мечиттер азайса эле ыймандуулук автоматтык түрдө күчөп кетпейт. Ошол СССР кезиндеги ыйман-ынсаптын булагы Энгельс, Маркс же Ленин эмес, баскынчылар келгенге чейинки аталар наркынын жемиши. Азыркы адеп-ахлактык жактан катуу аксаган, руханий көрөңгөсү тайыз муун так ошол Кеңеш өкмөтүнүн саясатынын жемиши, тарбиясынын туундусу. Демек, күнөөнү башка жактан издегенди токтотуш керек.
– Өткөндө атайын комиссиялар түзүлүп, аймактардагы мечит-медреселерди текшерди. Анын натыйжасында бир катар мечит, медреселер жабылды. Муну динге кысым катары баалагандар бар.
– Туура, муну айрымдар динге кысым катары баалоодо. Бирок мен муну динге көрүлгөн камкордук деп эсептейм. Анткени маселени ичинен билем. Ал жерде көпчүлүк биле бербеген жагдайлар бар. Мисалы, табигый кырсыктар эске алынбаган, жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларынын түбүнө курулган, жер көчкү, сел кетчү жерлерге жайгашкан же жардын кырына курулган мечиттер бар. Мисалы, өрт коопсуздугу эске алынбаган мечитте көп тобокелге салып, намаз окуп жаткан бүтүндөй бир жамаат өрттөнүп кетсе эмне болот? Ким жоопкерчилик алат?
Комиссия так ушуларды жапты. Жабылган мечиттердин катарында архитектуралык кагазы жоктору да бар. Башкача айтканда, эч кандай документи жок мечиттер. Аларды документтештиргенге чейин убактылуу жабышты. Алакандай кагаз үчүн неге мечитти жапты дегендер бар. Бул көпчүлүк түшүнө бербеген менен өтө маанилүү нерсе. Убагында аксакалдардын батасы менен тургузулуп калган мечиттер бар эмеспи.
Жерин Алла жолунда мечитке берген аксакалдар бу дүйнөдөн өткөн соң, балдары «жер меники» деп мечитти талашып, алып койгон учурлар болуптур. Эми ошол документи жок мечитин алдырып ийген жамааттын абалын элестетиңиз. Ошого мечитти документтештирүү, эсептик каттоодон өткөрүү маанилүү. Дагы бир өтө назик, өтө олуттуу жагдай, акыйда маселеси. Ыймандын куттуу ордосу болгон мечиттерде бузуку акыйда, бузуку идея жайгандарды тыйыш керек да. Айтор, мамлекеттин бул жааттагы саясаты колдоого аларлык.
– Эми башка өңүттөгү суроого өтсөк, азыркы кезде мамлекетте ири курулуштар жүрүп жатат. Өткөндө Асман шаарына пайдубал салынды. ГЭСтер салынып, аэропорттор жаңыланып жатат. Жаңы окуу жылына карата 42 мектеп пайдаланууга берилди ж.б. Бирок мындай демилгелерди кээ бир жарандар сындап, кымбатчылык болуп жатканда, эл кыйналып жаткан чакта чоң чыгашалуу иштердин кереги жок болчу деп сындоодо. Сиз жаран катары ушул иштерге кандай баа бересиз?
– Мен КР жараны катары өлкөдөгү курулуп жаткан ири курулуштарды колдойм. Андан көрө ошончо акчаны элдин курсагына буруш керек болчу дегендер да аз эмес. Туура, аз камсыз жарандарга да кам көрүү керек. Анткени биздин өлкө социалдык мамлекет эмеспи. Бирок ири курулуштарга сөзсүз көңүл буруу кажет. Тапкан акчаны курсакка эле жумшай берген болбойт. Мына, өткөндө Индия Айдын караңгы бетине, башкача айтканда түштүк уюлуна «Чандраян-3» аба кемесин жумшак кондурууга жетишти. Бул жетишкендикти дүйнө эли жылуу кабыл алууда.
А Индиянын көпчүлүк эли социалдык жактан өтө оор абалда жашайт. Ошого короткон акчасын эмнеге кедей-кембагалдарга жумшаган эмес? Дүйнөдө калкынын саны эң көп Индия бийлиги ушуну билген эмеспи? Ушуга башы жеткен эмеспи? Ага чейин Россия да «Луна-25» миссиясына киришип, анысы Айга ийгиликтүү коно алган жок. Украина менен катуу салгылашып жаткан Кремль эмне үчүн ошончо акчасын космоско сапырып жиберди? Ашкан акчасы барбы? Жооп башка жакта. Анткени мамлекеттердин өздөрүнүн артыкчылыктуу багыттары болот. Мамлекеттер болгон бюджетин социалдык жаатка коротпойт. «Алыбай алына жараша» дегендей, биз да алыбызга жараша ири курулуштарды куруп, өнүгүүгө аракет кылып, талпына бергенибиз оң.
Маектешкен Эмилбек Момунов.