И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Фарси тили жана Иран маданияты борбору ачылды.
Борбордун ачылыш аземине Ирандын Кыргызстандагы элчиси Голам Хоссейн Ядегари, Ирандын аль-Мустафа атындагы Эл аралык университетинин Борбордук Азия боюнча өкүлү, профессор Али Пурман Мохсени, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Кайрат Иманалиев , КР Билим берүү жана илим министрлигинин илим башкармалыгынын башчысы Гүлжигит Токтошев, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева, илим, эл аралык байланыштар жана инновациялар боюнча проректор, профессор Айсулу Бейшенова, окуу жайдын өкүлдөрү катышты.
Фарси тили жана Иран маданияты борборун ачылышынын максаты – Иран элинин байыркы маданиятын жана тарыхын изилдөө, фарси тилин тереңдетип үйрөнүү, дүйнөлүк цивилизациялардын биринин каада-салты жана үрп-адаттары менен тааныштыруу, ошондой эле бул багытта билим алып жаткан студенттердин чөйрөсүн кеңейтүү.
Фарси тили жана Иран маданияты борбору Иран Ислам менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу байланыштарды чыңдоодогу чоң кадам болуп саналат жана жогорку билим берүү тармагында эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди өз ара байытууга, кызматташууга жана өнүктүрүүгө багытталган.
Аталган борбор Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Фундаменталдык жана прикладдык лингвистика бөлүмүнүн базасында түзүлгөн.