Йемендеги «Ансар Аллах» (хуситтер) кыймылынын лидери Абдель Малик аль-Хуси АКШнын Жакынкы Чыгышка кошумча авианосец жиберүүсү алардын алсыздыгын көрсөтөрүн жана бул Вашингтондун йемендик козголоңчулар менен күрөшүүсүнө жардам бербей турганын айтты.
🔹 «АКШнын экинчи авианосец жибериши – алардын алсыздыгынын белгиси»
ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, аль-Хуси бул тууралуу «Ансар Аллах» кыймылына таандык Al Masirah телеканалына берген маегинде билдирген.
«АКШнын экинчи авианосец жөнөтүү тууралуу жарыясы – USS Harry Truman авианосецинин ийгиликсиздигин мойнуна алуу болуп саналат», – деп айтты ал.
«Америкалыктар авианосецтери менен коркутууга аракет кылышат, бирок Йемен менен болгон күрөшүндө алар өздөрү үчүн оор жүк болуп калышы мүмкүн», – деп кошумчалады хуситтердин лидери.


















