Йемендик «Ансаруллах» кыймылынын лидери Абдулмалик аль-Хуси АКШнын Венесуэлага каршы жүргүзүп жаткан, согушчул мүнөздөгү аракеттерине реакция кылып, Вашингтондун саясатын кескин сынга алды.
Анын айтымында, АКШ Венесуэланын мунай өндүрүшүнүн болжол менен үчтөн бир бөлүгүн туруктуу түрдө уурдап келет жана бул менен эле чектелбестен, эң ири мунай запастарына ээ өлкө катары Венесуэланы толук көзөмөлдөөгө умтулууда.
Хуситтердин лидери АКШнын Венесуэлада «баңгизат соодасына каршы күрөшүп жатабыз» деген жүйөсүн да сынга алып, АКШ өзү дүйнөдөгү эң ири баңгизат соодасы менен алектенген мамлекеттердин бири экенин белгиледи.
Анын айтымында, бул ураан Венесуэланы көзөмөлгө алуу үчүн жөн гана шылтоо катары колдонулууда.
Ал ошондой эле АКШны бандиттик саясат жүргүзүп жатат деп мүнөздөп, Вашингтон Венесуэланын мунай байлыгын ачык эле талап-тоноп, бул өлкөдө толук үстөмдүк орнотууга аракет кылып жатканын баса белгиледи.
Кариб деңизиндеги чыңалуу
АКШ бир нече айдан бери Венесуэлага карата басым көрсөтүү кампаниясын жүргүзүп жатат. Анын алкагында миңдеген аскер кызматкерлерин жана авианосецтик сокку уруучу топту Кариб деңизине жайгаштырылып, баңги заттарды ташып жатат деген шылтоо менен кемелерге сокку урулуп жана Венесуэланын президенти Николас Мадуронун дарегине бир нече ирет коркутуулар айтылды.
Буга чейин Трамп санкцияга алынган жана Венесуэлага багыт алган бардык мунай танкерлерине блокада киргизген. Ошондой эле ал Венесуэладагы азыркы бийликти чет элдик террористтик уюм катары тааныганын жарыялаган.
Каракастын маалыматына ылайык, 2025-жылдын 2-сентябрынан 18-декабрына чейин америкалык күчтөр Кариб деңизинде жана Тынч океандын чыгыш бөлүгүндө жарандык кемелерге каршы 28 куралдуу чабуул жасаган. Анын кесепетинен 104 адам “сотсуз өлтүрүлгөн”.
Бир катар эл аралык серепчилер АКШнын мындай аракетинин артында Венесуэланын ири мунай запастарына болгон кызыкчылык да бар экенин белгилешүүдө. Венесуэла дүйнөдөгү эң чоң мунай корлоруна ээ өлкөлөрдүн бири болуп саналат.
Венесуэла бийлиги АКШнын аракеттерин эгемендүүлүккө кийлигишүү жана ресурстарга көз артуу катары баалоодо.















