Кыргызстандагы мектеп окуучулары кышкы каникулга 2023-2024-жылга каралган базистик окуу планы боюнча 1-январдан 14-январга чейин 14 күнгө чыгарын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ведомстводон билдиришкендей, сабактар 2024-жылдын 15-январынан башталат.
Белгилей кетсек, окуучулардын күзгү каникулу 6-ноябрдан 12-ноябрга чейин болгон.



















