Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи 30-январда Катарга барып, ал жерде палестиналык ХАМАС кыймылынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Бул тууралуу “Eurasia Today” Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигине таянуу менен билдирет.
Катардын борбор шаары Дохада өткөн сүйлөшүүлөрдө Газадагы акыркы саясий абал, ок атышпоо келишиминин аткарылышы жана туткундардын алмашуу маселелери каралды.
Маалыматка ылайык, Аракчи ХАМАСтын Шура кеңешинин төрагасы Мохаммед Дарвиш менен жолугушуп, сүйлөшүү жүргүздү.
ХАМАСтын өкүлү өз сөзүндө эркиндикке жана көз карандысыздыкка умтулган Палестинанын эзилген элине колдоо көрсөтүп келген Иран Ислам Республикасынын ролун жогору баалады.
Ал 2023-жылдын 7-октябрындагы ХАМАСтын Израилге каршы баштаган “Акса бороону” операциясы Палестина элинин израилдик оккупациялык режимди жеңүү жолунда бурулуш учур болгонун белгиледи.
Анын айтымында, израилдик оккупациялык режимдин кылмыштуу геноциддик согушту тутандырып, Палестина элин өз жеринен ажыратууга багытталган пландары жана умтулуулары эч кандай пайда алып келген жок жана алып келбейт дагы.
Дарвиш Палестина эли өз жеринде тамыр жайганын жана алар өздөрүнүн укуктарына, ыйык жерлерине жана Аль-Акса мечитине берилгендигин белгиледи.
Ирандын ТИМ башчысы Аббас Аракчи өз кезегинде өлкөсү Палестина Израилдин оккупациясынан толук бошотулмайынча жана Палестина мамлекети түзүлгөнгө чейин каршылык көрсөтүү күчтөрүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү улантарын баса белгиледи.
“Газа элинин баатырдык каршылык көрсөтүүсү бүткүл дүйнөгө Израиль армиясынын жеңилбестигинин калпын далилдеди”, – деди ал.
Аракчи ошондой эле ХАМАСтын өкүлдөрүнө Ислам Республикасынын жогорку лидери Али Хаменеинин каршылык көрсөтүү лидерлерине жана Палестина элине куттуктоосун да жеткирип, Газа элинин сионисттик режимдин агрессиясына каршы баатырдык каршылык көрсөтүүсү каршылык көрсөтүү күчтөрүнүн шарттары боюнча ок атышууну токтотуу келишимине алып келгенин белгиледи.
Эске салсак, Газа тилкесинде ХАМАС менен Израилдин ортосундагы ок атышпоо келишими 19-январда күчүнө кирген. Ошол эле күнү палестиналык топтор барымтага алынгандардын биринчи тобун, б.а. үч израилдик аялды кое берген. Израиль буга жооп кылып абактан 90 палестиналыкты бошоткон.
25-январда эртең менен ХАМАС барымтадагы төрт израилдик аялды бошоткон. Израиль өз кезегинде 200 палестиналыкты түрмөдөн бошоткон.
Кечээ, 30-январда да Израиль 110 палестиналык туткунду, анын ичинде 30 жашы жете элек балдарды абактан бошотуп, аны ордуна ХАМАС үч израилдикти кое берди.
Палестинанын Газа тилкесиндеги жаңжалдын тараптары – Израиль менен ХАМАС кыймылы – Катар, Египет жана АКШнын ортомчулугу менен 19-январдан тарта 42 күнгө ок атышууну токтотууга макулдашкан. Келишимдин биринчи этабы 1000дей палестиналык туткундун ордуна барымтадагы 33 израилдикти бошотууну камтыйт.

















