Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Газа тилкесинде ачарчылык коркунучу өтө жогору бойдон калууда деп эскертти.
Бул тууралуу ISNA агенттиги жазды.
Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын маалыматына караганда, 19‑майдан бери Газага чектелген көлөмдө гана гуманитардык жардам жеткирилип жатат.
Мурда анклавга күнүнө 600–700 жүк ташуучу унаа менен жардам жеткирилсе, азыр гумжардам жеткирүү кайра башталгандан бери 700 гана жүк ташуучу унаа кирген.
“Ачарчылыктын алдын алуу үчүн Газанын жашоочуларынын негизги азык-түлүк муктаждыктары үзгүлтүксүз канааттандырылышы керек”, – деп белгилешти Дүйнөлүк азык-түлүк программасынан.
БУУнун програмассы Газага жардамдын келиши үчүн жардам кербенберинин коопсуз жолдорун камсыз кылуу, уруксат берүүнү тездетүү жана көзөмөл-өткөрүү пункттарын ачуу керектигин кошумчалады.
Газа тилкесиндеги гуманитардык кризис күндөн-күнгө курчулап барат. Израилдин блокадасынын натыйжасында, бул аймакта жашаган 2 миллиондой адам азыр азык-түлүк, таза суу, медициналык жардам жана башка негизги муктаждыктарга жетпей кыйналып жатышат. Израил марттын ортосунда ХАМАС менен убактылуу жарашуудан чыгып, гуманитардык жардамды өткөрбөй, тилкени блокадада калтырган.
Израиль жардамдарды жарым-жартылай киргизүүгө ураксат бергени менен анклавдагы гуманитардык кризис курчуп, ачарчылык коркунучу тооруп турат.
Бул чаралар эл аралык коомчулуктун катуу сынына кабылып, БУУнун жана башка уюмдардын тынчсыздануусун жаратты. Бириккен Улуттар Уюму Газа тилкесиндеги гуманитардык кризис болуп көрбөгөндөй деңгээлге жеткенин билдирди.
Май айынын аягынан бери Израил жана АКШ колдогон Gaza Humanitarian Foundation уюму газалыктарга гуманитардык жардамды тарата баштаган. Бирок, бул механизм башаламандык жана өлүмгө алып келген окуялар менен коштолду. Гумжардам борборуна чогулган палестиндер Израилдин аткылоосуна кабылып, жүздөгөн адамдар жабыркаган.


















