МАГАТЭнин башчысы Рафаэль Гросси эл аралык агенттиктин инспекторлорунун Иранга кайтып келишин прогресстин белгиси деп атады.
“Инспекторлор Иранга кайтып келишти. (Ирандагы өзөктүк объектилерге – ред.) кол салуулар башталганда жана алардан кийин Иранда агенттик менен бардык кызматташтыкты токтотууну жактаган көптөгөн үндөр угулду. Ал эми дүйнөдө МАГАТЭ эч качан (Иранга – ред.) кайтып келбеши мүмкүн” деген үндөр болду. Жакын арада макулдашууга жетишебиз деп үмүттөнөм. Инспекторлордун кайтып келгени прогресс бар экендигинин алгачкы белгиси”, – деди Гросси Associated Press агенттигине берген маегинде.
Анын айтымында, МАГАТЭ дагы эле бир катар маселелерди тактап, Иранда текшерүү жүргүзүүгө байланышкан бардык көйгөйлөрдү чечиши керек.
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи 27-август күнү Тегеран МАГАТЭнин инспекторлорунун өлкөгө келгенин тастыктарын, алардын көзөмөлүндө Бушер атомдук электр станциясында күйүүчү май алмаштырыларын билдирди.
Гросси 26-августта агенттиктин инспекторлорунун биринчи тобу Иранга кайтып келип, ишти баштоого даярданып жатканын билдирген. Ал МАГАТЭнин Ислам Республикасындагы ишин кайра баштоо үчүн кандай практикалык кадамдарды жасоо керектиги боюнча талкуу жүрүп жатканын кошумчалаган.
Эске салсак, 2-июлда Ирандын президенти Масуд Пезешкян МАГАТЭ менен кызматташууну токтотуу боюнча мыйзамды ишке ашыруу боюнча жарлык чыгарган. Жарлыктан кийин агенттиктин инспекторлору өлкөдөн чыгарылган. Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи өлкө МАГАТЭ менен кызматташууну токтотуу чечимине карабастан, кызматташуунун жолу жабыла электигин белгилеген. Иран кызматташтыкты калыбына келтирүүнүн шарты катары Ирандын өзөктүк объектилеринин жана ядролук илимпоздорунун коопсуздугун камсыз кылууну атаган.
Кызматташтыктын токтотулушу Ирандын МАГАТЭ менен Гроссини АКШ менен Израилдин Фордо, Исфахан жана Натанздагы өзөктүк объектилерге жасаган соккуларынын фонунда аракетсиздиги үчүн сынга алганы менен байланыштуу.

















