Глобалдык температуранын жогорулашы планетанын “кайрылгыс чекиттерине” жакындап, климатта артка кайтаргыс өзгөрүүлөрдү жаратышы мүмкүн. Бул тууралуу “Анадолу” агенттигине маек берип жатып, Түркиянын Богазичи университетинин Климаттын өзгөрүшүн жана саясатты изилдөө борборунун директору Левент Курназ билдирди.
Анын айтымында, глобалдык жылуулук атмосферанын орточо температурасын көтөргөн сайын, планетанын “кайрылгыс чекиттеринин” туруктуулугун алсыратат жана алардын босогосун төмөндөтөт.
“Атлантика агымы Гренландиянын салыштырмалуу салкын болушун камсыз кылат, бирок эгерде муз катмары эрий баштаса, жылуу суунун көбөйүшү бул агымды жайлатат. Натыйжада Гренландиянын тез ысышына жана муз катмарынын кыйрашына алып келиши мүмкүн,” — деди эксперт.
Мурда Эксетер университетинин Глобалдык системалар институту координациялаган «Глобалдык кайрылгыс чекиттер 2025» аттуу эл аралык изилдөө жарыяланган. Ага 23 өлкөдөн 160 окумуштуу катышкан. Докладда коралл рифтерине, Батыш Антарктика муз катмарына, Атлантикалык меридионалдык айлануу системасына (AMOC), тоо муздарына жана Амазонка тропикалык токойлоруна олуттуу коркунуч бар экени белгиленет, өзгөчө коралл рифтеринин узак мөөнөттүү жоголушу баса белгиленет.
Курназдын айтымында, глобалдык температуранын 1,5°Cден ашып кетиши климаттык катастрофага алып келет — анын ичинде коралл рифтеринин толугу менен жоголушу мүмкүн.
“Эгерде глобалдык температура 3°Cге чейин жогоруласа, Батыш Антарктиканын муз катмары кыйрап, деңиз деңгээли 7 метрге көтөрүлүшү мүмкүн,” — деди ал.
Ошондой эле ал Гольфстрим агымы кирген AMOC системасы азыртан эле жайлап калганын жана температура 2–2,5°Cге жеткенде андан да алсырашын белгиледи.
“Бул көрүнүш дүйнөлүк климатка олуттуу өзгөрүүлөрдү алып келиши мүмкүн,” — деп түшүндүрдү ал.
Курназ Гималай, Альп жана Анд тоолорунун муздарынын эришин да эскертип, бул таза суу булактарына коркунуч туудурарын жана деңиз деңгээлин көтөрөрүн айтты. Анын божомолунда, температура 4,5°Cге жеткенде тропикалык токойлор, анын ичинде Амазонка да жок болушу мүмкүн.
“Бул процесстер бири-бирин күчөтүп, күтүлгөндөн да тез жана олуттуу өзгөрүүлөргө алып келиши мүмкүн,” — деди ал.
Окумуштуу өз сөзүн жыйынтыктап, мындай өзгөрүүлөр глобалдык аба айлануусун бузуп, катуу ысык менен суукту күчөтүп, суу тартыштыгын жана массалык миграцияны, айрыкча Түштүк Азия аймагында пайда кылышы мүмкүн экенин белгиледи.


















