Бүгүнкү күндө Ирандын учкучсуз учактар өнөр жайы технологиялык чектерди гана кесип тим болбостон, дүйнөлүк атаандаштарын да аны көчүрүүгө мажбурлаган деңгээлге жетти.
«Fars News» агенттиги маалымдагандай, «Шахед-136» жана «Газа» сыяктуу дрондор жергиликтүү билимге, жасалма интеллектке жана радардан качууга жөндөмдүү технологияларга таянып, Ирандын өзүн-өзү камсыз кылуусунун жана анын асмандагы жаңы күчүнүн символу болуп калды.
Иранда жергиликтүү дрондорду жасоонун жолунун башталышы болжол менен 42 жыл мурун башталган. Алгач чакан цехте согуш жылдарында душмандын линиясын сүрөткө тартуу үчүн чакан чалгын учактарды жасоо менен башталган. Ошол баштапкы аракеттер бүгүн асманда сааттап учуп жүрө турган заманбап дрондорго жол ачты.
«Газадан» «Шахед-136га» чейин — жергиликтүү технологиянын символдору
Ирандын эң белгилүү дрондорунун бири — «Газа». Ал абада 35 сааттап учуу мүмкүнчүлүгүнө ээ жана 2000 чакырым аралыкты багындырууга жана сегиз бомба ташууга жөндөмдүү. Бул дрон – өлкөдөгү эң ири активдүү модель болуп саналып, чалгындоо жана согуштук миссияларда колдонулат.
Дүйнө жүзүндө эң таанымал ирандык дрон — «Шахед-136» болуп саналат. Ал өзгөчө аэродинамикалык конструкциясы, радарга байкалбаган корпусу жана Израилге каршы жасалган «Чындык убада – 1, 2, 3» операцияларында катышуусу менен белгилүү. Дрон Израилдин көп катмарлуу абадан коргонуу системаларынан өтүп, белгиленген буталарга тийгендиги менен дүйнөнүн көңүлүн бурду.
«Шахед-136» мобилдик учуруу платформасы, акылдуу сенсорлору, оптималдаштырылган ата-мекендик кыймылдаткычы жана так башкаруу системасы бар жаңы муундагы согуштук дрон.
Дүйнөлүк үлгүгө айланган Иран технологиясы
Ирандын «Шахед-136» дронун ийгилиги Кытай, Беларус жана айрым Батыш компанияларын анын окшош моделдерин иштеп чыгууга түрттү. Жакында эле бир катар өлкөлөрдө бул дронго окшош түзүлүштөгү жана өзгөчөлүктөргө ээ жаңы үлгүлөр көрсөтүлдү — бул Иран дрон технологиясынын эл аралык таасиринин айкын белгиси.
Иран — дүйнөдөгү алдыңкы дрон державаларынын катарында
Бул технологиялар жана көп жылдык практикалык тажрыйба Иранды дүйнөдөгү беш эң күчтүү дрон державасынын бири кылып көрсөтүүдө. Азыр ирандык дрондор жасалма интеллекттин жардамы менен чалгындоо, чабуул жана ар кыл аскердик тапшырмаларда колдонулуп, өлкөнүн коргонуу стратегиясында маанилүү ролду ойнойт.

















