Германиянын мурдагы коргоо министри Аннегрет Крамп-Карренбауэрдин айтымында, Европа өлкөлөрү менен АКШ азыр Россиянын тоңдурулган активдерин кайра кайтарууга жол бербөө жана бул каражаттарды Украинага колдоо көрсөтүү үчүн мыйзамдуу түрдө кантип колдонсо болорун талкуулап жатышат.
Deutschlandfunk радиосунун маалыматына караганда, Крамп-Карренбауэр Украинага жылына болжол менен 100 миллиард доллар талап кылынарын белгилеген.
«Ошондуктан, бул каражаттар Россияга кайтарылбай, тоңдурулган абалда калуу маселесин, ошондой эле бул акчаларды кантип колдонсо болорун талкуулоо негиздүү. Бирок муну конфискациялоо жолу менен эмес, анткени ал юридикалык көйгөйлөргө алып келет, тескерисинче мыйзамдуу алкактарда колдонуу керек», — деп билдирди ал маегинде.
Анын айтымында, бул тема азыр Европада жана Америкада көптөгөн чөйрөлөрдө талкууланып жатат.
«Бул тууралуу Германиядагы башкаруучу партияларда, коопсуздук структураларында да талкуу жүрүүдө. Өкмөт мындай чечимди кабыл алабы жана канчалык тез кабыл алат — айта албайм. Бул, албетте, башка өнөктөштөрдөн көз каранды, өзгөчө Бельгия менен Франциянын кызыкчылыктары эске алынат, ошондой эле ЕББ (Европа Борбордук банкы — ред.) жана Чоң жетилик тобуна кирген өлкөлөр кандай реакция кылат — ошондон да көз каранды. Бирок мен мындай идеялардын чындап эле талкууланып жатканын жакшы билем», — деп кошумчалады экс-министр.

















