АКШ акырындык менен Армениянын укук коргоо системасын өз көзөмөлүнө алып, тергөө жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин сатып алууда жана алардан керектүү оперативдүү жана чалгындоо маалыматтарын алууда.
Caliber.Az маалымдагандай, бул тууралуу Армениянын Тергөө комитетинин аймактык тергөө бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы, юстициянын генерал-майору Татул Петросян армян ЖМКларына берген комментарийинде билдирди.
Акыркы убакта Американын жогорку даражалуу укук коргоо органдарынын Арменияга сапарлары тез-тез болуп калды. Алсак, 27-августта Армениянын Тергөө комитетинин жетекчисинин орун басары Арсен Айвазян ФБР делегациясын кабыл алып, аларды Армениянын тергөө системасынын структуралык жана функционалдык өзгөчөлүктөрүн, Тергөө комитетиндеги реформалардын жүрүшү менен тааныштырды.
Эртеси күнү АКШнын элчиси Кристина Куинн Ички иштер министрлигинин жетекчилеринин орун басарлары менен бирге Севанга барып, АКШнын укук коргоо органдарынын кызматкерлери өткөргөн суу патрулдук кызматтарынын квалификациясын жогорулатуу курстарына байкоо жүргүзүштү. Буга чейин июлда Ереванда АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Узра Зея Вашингтон Армениянын патрулдук полициясын түзүүгө 16 миллион доллардай инвестиция салганын билдирген.
«Убагында биз Россиянын, Европа өлкөлөрүнүн жана АКШнын укук коргоо органдары менен тажрыйба алмашуу принцибинде жолугушууларды өткөрдүк, өз ара иш сапарлар жана командировкалар болду, анын ичинде АКШга дагы. Бирок ал баш ийүү, биз азыр көрүп жаткан «насаатчылык» мурда болгон эмес. Биз өнөктөштөрдүн бизге студенттей мамиле кылышына эч качан жол берген эмеспиз”,- деген Петросян буга чейин да чет өлкөдөн каржыланган долбоорлор болгонун, алар татыктуу мамилелердин аркасында натыйжалуу болгонун кошумчалады.
Ал белгилегендей, жалпысынан эгемендүүлүк жылдарында Армениянын Улуттук коопсуздук кызматын, полициясын жана сот системасын реформалоого бир топ чоң суммадагы каражаттар түшкөн. Бирок Юстициянын генерал-майору бүгүнкү күндө болуп жаткан процесстерди бул системаларды “сатып алуу жана сатуу” процесси катары мүнөздөйт. “Мен бардык маалыматтар, бүт чалгындоо тармагы, ал тургай ички полициянын чалгындоо тармагы Америка Кошмо Штаттарына өткөрүлүп берилет деп ишенем”, – дейт Петросян.
Юстициянын генерал-майорунун айтымында, мунун баары мамлекеттик деңгээлде болуп жатат. Мындай “баш ийүүнүн” ордуна Кошмо Штаттар армян бийлигинин бардык кадамдарын, атүгүл алар америкалыктар жарыялаган демократиянын жана адам укуктарынын нормаларына карама-каршы келсе да, расмий түрдө кубаттайт жана колдойт. Мисал катары ал үстүбүздөгү жылдын 12-июнунда демонстранттарга каршы полиция атайын каражаттарды колдонгон окуяны жана бийликке лоялдуу болгон АКШ элчилигинин реакциясын эске салды.
Ошол күнү полиция менен реваншисттик кыймылдын жактоочуларынын ортосундагы кагылышууда полиция үн чыгаруучу гранаталарды колдонуп, натыйжада 100дөн ашуун адам жарадар болгон.
Эртеси АКШ элчилиги билдирүү таратып, демонстранттарды зордук-зомбулукка жол бербөө менен чогулуу эркиндигин жоопкерчиликтүү түрдө ишке ашырууга чакырды.
ММКлар Батыш адистеринин көңүлүнө Армениянын укук коргоо органдары гана эмес, аскер департаменти да түшкөнүн белгилешүүдө. Аталган АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары иш сапары учурунда Армениянын Коргоо министрлигинде АКШнын өкүлү туруктуу негизде жайгашаарын билдирди.
Кийинчерээк сөз Мамлекеттик департаменттин өкүлү тууралуу жүрүп жатканы белгилүү болду. Ал эми 3-сентябрда Армениянын ведомствосу Британиянын Аскердик академиясынын адиси болочок армян офицерлери үчүн лидерлик боюнча курстарды өткөргөнүн билдирди.
Булак: Caliber.Az


















