24-ноябрда Газа тилкесинен Египет аркылуу “Каир-Москва” маршруту менен Кыргызстандын эки жараны ийгиликтүү эвакуацияланды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Эвакуация КР Тышкы иштер министрлигинин, КРнын Сауд Аравиядагы элчилиги жана Россиянын Каир шаарындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн биргелешкен аракеттеринин натыйжасында ишке ашырылды.
“Россия Өкмөтү тарабынан уюштурулган эвакуация рейси Москва шаарына келгенде Кыргызстандын жарандарын КРнын Москва шаарындагы элчилигинин кызматкерлери тозуп алып, мейманканага жайгаштырышты. Кыргыз тарабы орус тарабына Кыргызстандын жарандарын Газа тилкесинен ийгиликтүү эвакуациялоого көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирет”, – деп айтылат маалыматта.
Министрлик Газанын аймагынан чыгып кетүүгө ниеттенген Кыргызстандын жарандарын эвакуациялоо боюнча иштер улантыларын кошумчалды.
Палестина-Израиль жаңжалы
Үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында палестиналык ХАМАС кыймылы «Аль-Акса Топон суусу» операциясынын алкагында Израилге Газа тилкесинен болуп көрбөгөндөй масштабдуу ракеталык чабуул жасады. Андан соң кыймылдын жоокерлери Израилдин түштүгүндөгү чек ара аймактарына кирип, 200дөн ашуун адамды барымтага алышкан. Израиль бийлигинин акыркы маалыматтарына караганда, 1,2 миңге жакын адам набыт болду, алардын катарында жайт тургундар, аскерлер, чет элдик жарандар бар. Ошондой эле 5 миңден ашууну жарадар болгону кабарланган.
Буга жооп катары Израилдин Коргонуу күчтөрү Газа тилкесинде ХАМАСка каршы «Темир кылыч» операциясын баштады. Бир нече күндүн ичинде Израиль армиясы Газа менен чек арага жакын жайгашкан бардык калктуу аймактарды көзөмөлгө алып, Газага абадан сокку ура баштады. Израиль андан сырткары, Газа тилкесин толук блокадага алганын жарыялады: суу, тамак-аш, электр энергиясы, дары-дармек жана күйүүчү май менен камсыздоо токтотулду.
Октябрдын аягында Израиль Газада кургактагы операциясын баштады. Израилдин Газага жасаган соккуларынан каза болгондордун саны 14,8 миңден ашты, 36 миңден ашуун адам жараат алды.
24-ноябрда Израиль менен ХАМАС Катардын жана Египеттин ортомчулугу менен төрт күндүк элдешүүгө макул болушкан. Макулдашуу ошол эле күнү жергиликтүү убакыт менен саат 7.00дө күчүнө кирген. Анын алкагында, тараптар төрт күнгө согуштук аракеттердин бардык түрүн токтотуп, туткундарды алмашууда. Башкача айтканда, барымтадагы бир израилдик үч палестиналык туткунга алмаштырылат. Бул аралыкта Газа секторуна гуманитардык жана медициналык жардам өткөрүлүп турат.
Биринчи этаптын алкагында 25-ноярда ХАМАС кыймылы барымтадагы 12 таиланддык жана 13 израилдикти бошотуп, Израиль 39 палестиналыкты – 24 аял жана 15 жашы жете элек өспүрүмдү кое берген. 26-ноябрда ХАМАС Эл аралык Кызыл Чырым уюмунун өкүлдөрүнө барымтадагылардын үчүнчү тобун өткөрүп берди. Алардын арасында Израилдин 14, Таиланддын үч жараны бар. Ушул эле күнү Израиль түрмөдөгү дагы 39 палестиналыкты бошотту.




















