Eurasiatoday
Жекшемби, 15-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Газадагы геноцидке 170 күн: өлгөндөрдүн саны 32 миңден ашты

  • Дайджест, Дүйнө, ТОП жаңылыктар
  • 25.03.2024 14:53

Loading

Израилдин Газа тилкесиндеги палестиналыктарга каршы геноциддик согушуна 170 күн болду. Акыркы 24 саатта эле Израилдин Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарындагы турак жайларга жасаган соккуларынын натыйжасында кеминде 27 палестиналык набыт болгонун палестиналык WAFA маалымат агенттиги билдирди. Анын маалыматына караганда, беш үй бомбаланган. Каза болгондордун арасында аялдар менен балдар да бар.

Палестина анклавынын Саламаттыкты сактоо министрлигинын акыркы маалыматы боюнча Израилдин Газадагы операциясы башталгандан бери набыт болгон палестиналыктардын саны 32,2 миңден ашып, 74,5 миңден ашуун адам жаракат алды.

Жекшембиде Газадагы мамлекеттик маалымат кызматы “геноциддик согуштун статистикасы” боюнча жаңыртылган маалыматты жарыялады.

Тема боюнча

Израилдиктер палестиналыктардын койлорун жана унааларын уурдап кетишти

Израилдиктер палестиналыктардын койлорун жана унааларын уурдап кетишти

13.05.2026

Ага ылайык, курмандыктардын эң көп пайызын ( 73%га жакын) аялдар жана балдар түзөт. Жалпысынан согуш башталгандан бери 14 280 бала набыт болсо, анын 27си Газанын түндүгүндө ачарчылыктын айынан жан берген. Ошондой эле азыркы тапта Газа тилкесинде 17 000 бала ата-энесиз же алардын бирисиз калган.

Ал эми аялдар арасында курмандыктардын саны 9340ка жетти. Ошондой эле учурда 60 миңдей кош бойлуу аялдын өмүрү медициналык жардамдын жетишсиздигинен улам коркунучта турат.  

Дарыгерлер менен журналисттердин арасындагы жоготуулар

Газа тилкесинде кесиптик милдеттерин аткарып жүргөн дарыгерлер менен журналисттердин арасындагы дагы жоготуулар көп болууда. Газадагы мамлекеттик маалымат кызматы билдиргендей, Израиль-Палестина жаңжалы башталгандан бери 364 медицина кызматкери каза болгон.

Ошондой эле медициналык кызматкерлерди камоо боюнча 269 факты катталып, алардын көбү гуманитардык милдеттерин аткарып жаткан учурда ооруканалардын ичинен камакка алынган.

Мындан тышкары, Израилдин Газадагы медициналык мекемелерди тынымсыз бомбалоосунан 32 оорукана жана 53 медициналык борбор иштен чыгарылган. Андан сырткары, израилдик күчтөр 126 тез жардам унаасына кол салышкан, алардын айрымдары иш учурунда аткыланган.

Ал эми медиа кызматкерлеринин арасында 136 журналист өлтүрүлүп, 12си камакка алынган.

Дарыланууга муктаж бейтаптар 

Согуштун бардык мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерге карабай, Газада согуш учурунда жабыркагандар жана оорулуу  бейтаптар да тиешелүү жардам ала алган эмес.

Палестина анклавынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин отчетунда өмүрүн сактап калуу үчүн дарыланууга башка жерге  барышы керек болгон 11 миң бейтап бар экени, алардын Газада калуусу күн сайын алардын өмүрүнө коркунуч жаратып жатканы айтылат.

Мындан тышкары, онкологиялык оорулар менен жабыркаган 10 000дей бейтап өлүм коркунучунда турат, алар дарыланууга муктаж. Ошондой эле жугуштуу оорулар менен ооруган 700 миң бейтап жер которууга аргасыз болгон. Аргасыздан жер которуу гепатит С инфекциялык оорусунун жайылышына себеп болуп, натыйжада оору жуктуруп алган 8000 учур катталган. 

Өнөкөт оорулар менен жабыркаган 350 миңдей бейтаптын өмүрү да дары-дармектин жетишсиздигинен улам коркунучка кептелди.

Урандыга айланган Газа

Израилдин аба күчтөрү Газа тилкесинин түндүгүндөгү бардык райондорду абадан сокку уруп жатып жер менен жексен кылды. Израилдин армиясынын чабуулдарынан 168 өкмөттүк имарат, 100 мектепти жана университетти толук талкаланып, 305 мектеп жана университет жарым-жартылай кыйратылган. Израилдик күчтөр сыйынуучу жайларды да аяган эмес: 226 мечит толугу менен, 290у жарым-жартылай талкаланып, үч чиркөө кыйратылган.

Баскынчы күчтөр ошондой эле 360 миңдей турак жай жарым-жартылай талкалашкан, бирок аларда мындан ары жашоого мүмкүн эмес. 

Израил армиясы материалдык зыяндан тышкары 200дөй байыркы жайларды жана тарыхый эстеликтерди да жок кылган.

Жогоруда белгиленген статистикадан тышкары, газалыктар ички жер которууларды баштан кечирүүдө,  аргасыз жер которгондордун саны 2 миллион кишиге жетти, алардын көбү Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарында баш калкалашкан.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: курмандыктарПалестина-Израиль жаңжалыстатистика
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

АКШда Израилди колдоо азайды; демократтар арасында терең ажырым пайда болду

АКШда Израилди колдоо азайды; демократтар арасында терең ажырым пайда болду

09.07.2026
Израилдиктер палестиналыктардын койлорун жана унааларын уурдап кетишти

Израилдиктер палестиналыктардын койлорун жана унааларын уурдап кетишти

13.05.2026
Иранда каза болгондордун саны 1045ке жетти

Иранда каза болгондордун саны 1045ке жетти

04.03.2026
Улуу Британиянын бийлиги Палестина мамлекетин таанууга ниеттенүүдө

Улуу Британиянын бийлиги Палестина мамлекетин таанууга ниеттенүүдө

30.07.2025
 «Аль-Кассам» бригадаларынын билдирүүсү: Израилдин оккупациясына каршылык көрсөтүү уланууда

 «Аль-Кассам» бригадаларынын билдирүүсү: Израилдин оккупациясына каршылык көрсөтүү уланууда

28.01.2025
Иран орточо IQ боюнча дүйнөдө экинчи орунду ээледи

Иран орточо IQ боюнча дүйнөдө экинчи орунду ээледи

10.01.2025
Ливанда Израилдин чабуулдары башталгандан бери набыт болгондордун саны 2141ге жетти

Ливанда Израилдин чабуулдары башталгандан бери набыт болгондордун саны 2141ге жетти

10.10.2024
БУУ Аль-Акса мечитинде синагога куруу сунушун айыптады

БУУ Аль-Акса мечитинде синагога куруу сунушун айыптады

28.08.2024
Палестинанын президенти Израиль менен сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирди

Палестинанын президенти Израиль менен сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирди

07.08.2024

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026
Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

29.10.2026
Ормуз кысыгындагы кризис Европада газдын баасын рекорддук деңгээлге жеткирди

Ормуз кысыгындагы кризис Европада газдын баасын рекорддук деңгээлге жеткирди

29.10.2026

Валюталар курсу

Экономика

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

15.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
200 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.