Аббас: Палестина Израиль менен акыркы статус боюнча сүйлөшүүлөргө даяр.
Палестина тынчтык конференциясынын алкагында Израиль менен акыркы статус боюнча сүйлөшүүлөргө даяр. Бул тууралуу Палестинанын президенти Махмуд Аббас РИА Новостиге берген маегинде билдирди.
Аббастын айтымында, Палестина алты араб мамлекетинин тобу тарабынан жактырылган «жол картасын» даярдап, АКШга, Евросоюзга жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө кароого сунуштады. Бул чечимдин негизи “Израилдин Газа тилкесиндеги болушунун токтотулушу” болуп саналат.
Бул чечим “эл аралык тынчтык конференциясынын алкагында Израиль тарап менен акыркы статус боюнча сүйлөшүүлөргө киришүүнү” камтыйт. Палестинанын улуттук бийлиги Газа тилкесинде өз функцияларын аткарууга даяр, деп белгиледи Палестинанын президенти.
Буга чейин Махмуд Аббас Орусияга сапарынын алкагында Палестинаны жөнгө салуу боюнча тынчтык жараянын талкуулоону пландап жатканын билдирген. Ал тынчтык жараянын алдыга жылдыруу үчүн Россиянын лидери Владимир Путин менен бардык негизги маселелер боюнча дайыма пикир алмашып турганын айтты.
















