Улуу Британиянын бийлиги сентябрь айында Палестина мамлекетин расмий таануу ниетин билдирди. Бул чечим, эгер ошол убакытка чейин Израиль бийлиги Газа секторундагы куралдуу жаңжал менен гуманитардык кризисти токтотууга карай олуттуу кадамдарга барбаса, күчүнө кирет. Бул тууралуу Британия өкмөтүнүн расмий сайтында маалымдалат.
Өкмөттүн билдирүүсү Израилдин туткундагы жарандарынын жана Газанын тургундарынын тагдырына тынчсыздануу билдирүүдөн башталат.
«Биз эки мамлекеттин жанаша жашоосу боюнча чечимдин натыйжалуулугун коргоого умтулабыз. Ошондуктан, эгер Израиль бийлиги Газадагы коркунучтуу кырдаалды жөнгө салуу үчүн олуттуу кадамдарга барбаса, биз сентябрь айында БУУнун Башкы Ассамблеясынын алдында Палестина мамлекетин тааныйбыз…», — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле Лондон Газа секторунда шашылыш түрдө ок атышууну токтотууга, БУУнун гуманитардык жардамын аймакка киргизүүгө жана ХАМАС тарабынан туткунга алынган израилдик жарандарды бошотууга чакырат.
Британ бийлиги Газа үчүн тынчтык планын иштеп чыгуу максатында эл аралык өнөктөштөр менен тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирди. Бул планда өткөөл башкаруу жана коопсуздук механизмдери каралат жана гуманитардык жардам жеткирүү камсыз кылынат.
Ошол эле учурда, Лондон Палестинаны таануу чечими анклавдагы кырдаалды дароо өзгөртпөй турганын белгиледи. Ошондуктан, Улуу Британия гуманитардык жардамды аба аркылуу жеткирүүнү улантат жана Газадан жаракат алган балдарды дарылоо үчүн өзүнүн оорукана мекемелерине алып чыгат.



















