Eurasiatoday
Бейшемби, 19-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Гарвард университетинин студенттеринин жакындары АКШ бийлигин айыпташууда

  • Америка
  • 30.05.2025 17:55

Loading

АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы менен Гарвард университетинин ортосундагы келишпестик уланууда.

Бүтүрүүчүлөрдүн жакындары АКШ бийлигинин окуу жайга жасаган кысымын айыптап, салтанаттын катышуучулары эл аралык студенттерди чектөө жана каржылоону кыскартуу билимдин жана эркиндиктин пайдубалын бузарын айтышты. Ошондой эле университеттерди каржылык колдоодон ажыратуу менен коркутуу жана Палестинаны колдоо боюнча нааразылык акцияларына тыюу салуу сыяктуу саясаттарына каршы чыгышты.

Бул тууралуу Anadolu агенттиги жазды.

Тема боюнча

Россия Ирандын өзөктүк объектилерине жасалган соккуларды мыйзамсыз деп атап, чыңалууну басаңдатууга чакырды

Россия Ирандын өзөктүк объектилерине жасалган соккуларды мыйзамсыз деп атап, чыңалууну басаңдатууга чакырды

18.11.2026

Нааразылык акциясына катышкан француз жараны өкмөттүн университетке жасаган саясий кысымын “акылсыздык” деп атап, тынчсыздануусун билдирди.

“Биз буга толугу менен каршыбыз. Бул өзүн-өзү жок кылуунун жолу. Эгер билимге кол салсаң, бюджетти, саламаттыкты сактоону кыскартсаң өлкө жок болот”, – деди ал.

Гарварддагы чет элдик студенттердин үлүшүн 15 пайызга чейин чектөө талабына комментарий берип жатып, Палестинаны колдогон демонстрацияларга катышуу адамды антисемит кылбайт деген пикирин кошумчалады.

“Бул ишеним жөнүндө эмес, саясат жөнүндө. Газада болуп жаткандар чатак жана геноцид. Бул иудаизм эмес, бул Нетаньяхунун саясаты”, – деди.

Ал Газага кол салууларды токтотуу боюнча эл аралык аракеттер натыйжасыз болгонун кошумчалап, болуп жаткан окуяларды “цивилизациянын акыры” деп атады.

Гарвардда иштеген түрк изилдөөчүсү жумушунан ажырап калуу коркунучуна карабай республикалык администрациянын чектөө чараларын сынга алууну улантып жатканын айтты.

“Мен бир нече бөлүмдөрдө, анын ичинде Гарвард медициналык мектебинде сабак берем. Учурда дүйнөдө болуп жаткан эң коркунучтуу нерсе – Палестинада массалык адам өлтүрүү”, – деди изилдөөчү.

Окумуштуу Америка Кошмо Штаттары эркиндик принциптерине негизделгенин эске салып, америкалыктар да бул зомбулуктун уланышын каалабай тургандыгын кошумчалады.

Болуп жаткан кырдаалга байланыштуу студенттер менен мугалимдер комментарий берүүдөн баш тартышса, айрымдары атын атабоону суранышкан.

Университеттеги кырдаалга “Новая газета” басылмасы да байкоо жүргүзүп, билим алып жаткан студенттер менен сүйлөшкөн.

Орусиялык студент Мария Кузнецова университет Кошмо Штаттардагы эң эски жана абройлуу университеттердин бири экендигин, анын бүтүрүүчүлөрүнүн арасында ондогон мамлекет башчылары, жүздөгөн саясатчылар жана эки жүзгө жакын миллиардерлер бар экендигин билдирген.

Анын айтымында, азыр да мамлекет башчылардын, премьер-министрлердин жана дүйнөгө белгилүү адамдардын балдары билим алып жатышат.

Чет элдик студенттерсиз Гарвард “Гарвард болбой” калышы мүмкүн

22-майда АКШнын Ички коопсуздук министрлиги Гарвардды эл аралык студенттерди кабыл алуу укугунан ажыраткан.

Трамптын администрациясы Гарвард университетине чет элдик студенттерди кабыл алууга жана окутууга “тиешелүү мыйзамдарга туура келбейт” деген жүйө менен тыюу салып, АКШнын ички коопсуздук министри Кристи Ноэмдин көрсөтмөсү боюнча студент алмашуу программасынын аккредитациясы жокко чыккан.
Эми Гарварддагы бардык чет элдиктер – 140 өлкөдөн 6800дөй студент башка окуу жайларга которулушу же өлкөдөн чыгып кетиши керек.

Кошмо Штаттардагы абройлуу университеттердин бири деп эсептелген Гарвард бул айыптоолор жана чектөөлөр менен макул эместигин билдирип, бийликтин аракеттерин “саясий кысым” деп атоодо.

“Өкмөттүн иш-аракеттери мыйзамсыз. Биз Гарварддын 140тан ашык өлкөдөн келген студенттерин жана окумуштууларды тосуп алуу мүмкүнчүлүгүн сактап калууга чечкиндүүбүз”, – деп айтылат Гарварддын билдирүүсүндө.

“Джон Кеннеди” университетинин студенттеринин 59%ы чет өлкөдөн келген. “Т.Х.Чан” атындагы коомдук саламаттыкты сактоо окуу жайында 40%, ал эми Гарвардда 35% чет элдик студенттер билим алышууда.
23-майда Гарварддын администраторлору Массачусетс штатынын федералдык сотуна доо арыз менен кайрылышып, бул тыюу Конституцияны бузат жана академиялык эркиндикке коркунуч келтирээрин айтышкан.

“Эл аралык студенттерсиз Гарвард “Гарвард” болбой калат” деп айтылат доо арызда.

Эртеси күнү АКШнын округдук судьясы Эллисон Берроуз иш каралып жатканда Трамптын администрациясынын чечимине бөгөт коюп, соттук отурумдарды 27- 29-майга белгилеген.

Сот Гарвардга чет элдик студенттерди кабыл алууга уруксат берди деп жазды DW.com агенттиги.

Билдирүүгө караганда, судья Эллисон Берроуз Трамптын эл аралык студенттердин университеттин окуусуна тыюу салуу чечимине бөгөт койгон. Бирок бул иш боюнча акыркы чечим чыга элек.

Берроуз мурдагы президент Барак Обама тарабынан дайындалган судья.

Ал мындай чечим “статус-квону сактап калууга” жардам бере тургандыгын белгиледи.

Ал эми Гарвард Трамптын администрациясын сотко берди.

Эскерте кетсек, АКШнын ички коопсуздук министри Кристи Ноем Гарвард университетин “зордук-зомбулукка, антисемитизмге үндөгөн” деп айыптаган.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: АКШГазаГарвардПалестина
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Иран америкалык аскерлерди Түштүк уюлга чейин сүрүп чыгарат

Иран америкалык аскерлерди Түштүк уюлга чейин сүрүп чыгарат

18.11.2026
Россия Ирандын өзөктүк объектилерине жасалган соккуларды мыйзамсыз деп атап, чыңалууну басаңдатууга чакырды

Россия Ирандын өзөктүк объектилерине жасалган соккуларды мыйзамсыз деп атап, чыңалууну басаңдатууга чакырды

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
АКШ Жакынкы Чыгышта бункерлерди курат

АКШ Жакынкы Чыгышта бункерлерди курат

17.11.2026
Израиль маалыматтык өнөктүктүн жардамы менен Иранга каршы психологиялык согуш жүргүзүүдө

Израиль маалыматтык өнөктүктүн жардамы менен Иранга каршы психологиялык согуш жүргүзүүдө

17.11.2026
Соттук-медициналык эксперт: Джеффри Эпштейн өлтүрүлгөн

Соттук-медициналык эксперт: Джеффри Эпштейн өлтүрүлгөн

17.11.2026
Изилдөө: Трампты колдогон шайлоочулардын 35%ы АКШдагы аралык шайлоого катышкан эмес

Изилдөө: Трампты колдогон шайлоочулардын 35%ы АКШдагы аралык шайлоого катышкан эмес

17.11.2026
Иран күчтөрү Ормуз кысыгынын үстүнөн америкалык MQ-1 дронун атып түшүрдү

Иран күчтөрү Ормуз кысыгынын үстүнөн америкалык MQ-1 дронун атып түшүрдү

17.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
216 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.