Таиландда өтө турган 2024-жылдагы футзал боюнча Азия Кубогунда Кыргыз Республикасынын биринчи беттешиндеги алгачкы атаандашы Жапониянын курамы болот.
Беттеш 18-апрель күнү саат 17:00дө Тайланддын борборундагы “Бангкок Арена” спорт ордосунда өтөт.
Бул тууралуу Asian Football Arena билдирет.
Экинчи оюнду 20-апрелде Тажикстандын курамасына каршы өткөрөт. Ал эми үчүнчү оюн 22-апрелде Түштүк Кореянын улуттук курамасы менен болот.
Бардык оюндар УТРКнын Спорт телеканалы аркылуу түз алып көрсөтүлө турганын Кыргыз футбол биримдигинин маалымат кызматы кабарларды.
Бул турнирдин алкагында, 10-апрелде, “Ак шумкарлар” Бангкок шаарында Мьянмага каршы ойноп, жеңишке ийгиликтүү жетишти. Беттеш машыктыруучулук мүнөзгө ээ болгондуктан, жабык режимде жана түз алып берүүсүз өттү.
Биздин команданын курамында голдордун авторлору Шохрух Махмадаминов, Максат Алимов жана Абдурахим Данияр уулу болду.



















