5-12-июль күндөрү Жалал-Абад шаарынын «Курманбек» стадионунда Борбор Азиянын футбол ассоциациясынын U-20 жашка чейинки курама командалары арасында чемпионат орун алат.
Аталган эл аралык мелдешке Ооганстан, Иран, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан курамалары катышат.
Мелдеште, Кыргызстан кабыл алган бардык эл аралык беттеш жана турнирлердин жана БАФА эгидасы алдындагы мелдештерди тарыхында биринчи жолу калыстарга видео жардам системасы (VAR) колдонулат. Азыркы учурда, Кыргыз футбол биримдиги алдыдагы турнирде колдонуу үчүн бул системанын техникалык жабдууларын даярдоону аяктоодо.
Мунун алкагында, Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде калыстардын видео жардам системасын (VAR) орнотуу жана аны менен колдонуп, иштөөнү үйрөтүү боюнча тренинг өтүлүүдө.
Беш күндүн ичинде «Slomo.tv» компаниясынын адиси Александр Калинин ата-мекендик калыстар корпусунун өкүлдөрүн жана КФБнын бир катар адистерин VAR-системасы менен иштөөгө үйрөтөт.
Аталган окутуу Кыргыз футбол биримдиги алган алгачкы VAR-системасынын жабдуусунда жүргүзүлөт.





















