Бүгүн, 21-ноябрда Бишкек шаарындагы Д.Өмүрзаков атындагы стадионунда 2026-жылы өтүүчү Дүйнө Чемпионатынын тандап алуу оюндарынын алкагындагы көптөн күтүлгөн Кыргызстан-Оман беттеши өтүп, биздин курама 1:0 эсеби менен атаандашты жеңип алды.
Оюндун алгачкы бөлүгүндө “Ак шумкарлар” топко 60 пайыздан көбүрөөк ээлик кылуу аркылуу үстөмдүк кылганы менен эсеп ачылган жок. Ал эми экинчи бөлүктү да үстөмдүк менен баштап, 48-мүнөттө Адилжан Абдурахмановдун тепкен тобу голго айланды.
Бирок кийинки мүнөттөрдө омандыктар чабуулдарын күчөткөн менен гол жаралган жок. Жыйынтыгында Кыргызстан жеңишке жетип, өз талаасында 3 упайга ээ болду.
Буга чейин, ушул турдун алкагында 16-ноябрда Кыргызстандын улуттук курама командасы Куала-Лумпур шаарында Малайзиянын оюнчулары менен беттешип, 4:3 эсебинде жеңилип калган. Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович 20-ноябрдагы маалымат жыйында бул оюндан кийин каталар талданганын белгилеп, алдыдагы беттешке даяр экендиктерин жана анда мыкты сапаттарын көрсөтүшөрүн билдирген.
2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарында Кыргызстан D тайпасында Кытай Тайбэйи, Малайзия жана Оман курамалары менен ойнойт. Кыргызстан ар бир атаандашы менен үйдө жана конокто беттеш өткөрөт.
2026-жылы дүйнө чемпионаты АКШнын, Мексиканын жана Канаданын 16 шаарларында өтөт жана ага биринчи жолу 48 курама команда катышат. Бул мелдешке тандоо оюндары 2023-жылдын сентябрь айында башталып, 2026-жылдын март айында жыйынтыкталат.
Азия континентинен сегиз команда дүйнө чемпионатына жолдомо алат. Тандоо оюндары беш этаптан турат. Кыргызстан курама командасы экинчи этаптан мелдешке катышып жатат. Мында 36 курама команда 9 тайпага бөлүнүп ойнойт. Оюндардын жыйынтыгында тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген 18 команда кийинки баскычка жана 2027-жылы өтө турган Азия Кубогуна жолдомо алат.
Сүрөт: Кыргыз футбол союзу

















