Ирандын футбол боюнча 18 жашка чейинки кыз-келиндер курамасы Тажикстанда өткөн Борбор Азия футбол ассоциациясынын (CAFA) CAFA U-18 Women’s Championship 2024 турниринде биринчи орунду алды.
28-апрелде Иран Кыргызстандын курамасы менен ойноп, 1:1 эсебинде тең чыкты. Жыйынтыгында Иран 10 упай менен биринчи орунду алса, Кыргызстан жети упай менен үчүнчү орунду алды.
Бул турнирдин алкагында Кыргызстандын курамасы төрт беттеш өткөрүп, 21-апрелде Түркмөнстанды 3:1, 22-апрелде Тажикстандын футболчуларын 3:0 эсебинде уткан. Ал эми 24-апрелде Өзбекстандын курамасына 6:1 эсебинде утулуп, 28-апрелде Иран менен 1:1 эсебинде тең чыкты.

Ал эми турнирдин жеңүүчүсү болгон Иран төрт беттеште тең жеңишке жетишкен. Алгач Өзбекстанды 4:2 эсебинде утуп алса, андан кийин Түркмөнстанды 7 гол менен, Тажикстанды 5 гол менен жеңип алган.
Турнирдин жыйынтыгы:
1-орун – Иран (10 упай);
2-орун – Өзбекстан (9 упай);
3-орун – Кыргызстан (7 упай);
4-орун – Тажикстан (3 упай);
5-орун – Түркмөнстан (0 упай).
Сыйлыктар:
- Турнирдин мыкты оюнчусу – Сомай Эсмаили (Иран);
- Атайын сыйлык – Тажикстан курамасы;
- «Fair play» сыйлыгы – Түркмөнстан курамасы;
- Турнирдин бомбардири – Шахзода Декабаева (Өзбекстан).
19-апрелде башталган эл аралык мелдеш 29-апрелде жыйынтыкталды.














