2026-жылкы Дүйнө Чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү раунду алкагында, Кыргызстандын Улуттук курама командасы конокто Ирандын оюнчулары менен беттешет. Бул оюн 14 күндөн кийин, тагыраагы, 5-сентябрда Тегеран шаарында өтөт.
Алдыдагы оор беттештерге даярдык көрүү максатында, “Ак шумкарлар” окуу-машыгуу иш-чараларын 23-августтан тартып Түркиянын Стамбул шаарында өткөрө турганы маалым болду.
Мунун алдында башкы машыктыруучу Максим Лисицындын жетекчилиги алдында машыктыруучулар штабы курама команданын кеңейтилген тизмесин жарыялады. Ага 33 оюнчу тандалып алынды. Бирок беттештерге болгон тапшырык боюнча 23 гана оюнчу кирет.

Түркиядагы машыгууларын өткөргөндөн соң, кыргыз курамасы 2-сентябрда Иранга кетишет.
Бул беттештен кийин 10-сентябрда өз оюн талаабызда Өзбекстан курамасы менен беттешет.
“А” тайпасына кирген Кыргызстандын Улуттук курамасынын атаандаштары Иран, Өзбекстан, Катар, БАЭ жана Түндүк Корея республикалары болгон.
2026-жылкы Дүйнө Чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү раундунун биринчи оюндары башталаар алдында, AFC Asian Cup фейсбуктагы өзүнүн расмий баракчасына “2026-жыл – Кыргыз Республикасы #FIFAWorldCupке кирүүчү жылбы?”,-деген позитивдүү пост жарыялады.



















