Иран Ислам республикасынын футбол боюнча жаштар курамасы (U-20) Борбордук Азия чемпионатынын (CAFA) алкагында Түркмөнстандын командасын 3:0 эсебинде жеңип алды.
Ирандык жаш футболчулардын биринчи оюну кечээ, 7-июлда, Жалал-Абад шаарынын “Курманбек” стадионунда өтүп, тайпалык этаптын 1-турунда Түркмөнстандан келген атаандаштарын 3:0 эсебинде жеңип алышты.
Голдорду Реза Гандипур (7), Алиреза Гомеифард (28), Махтимберди Мазра (72) киргизишти.
Эми турнирдин үчүнчү айлампадагы беттешинде Иран курамасы 9-июлда Өзбекстан менен беттешет.
Оюндардын акыркы жыйынтыктары боюнча, биринчи беттештеринде жеңилип калгандыгына байланыштуу Ооганстан менен Түркмөнстан 11-июль күнү өз ара беттешип, 5-6-орунду бөлүшүп алышат.
Алдыда боло турчу Кыргызстан-Тажикстан жана Иран-Өзбекстандын беттештериндеги жеңилгендер 3-4-орун үчүн күч сынашат. Ал эми жеңген эки команда 12-июлда финалда беттешет.
20 жаштагы жаштардын Борбор Азия чемпионатынын алкагында Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Иран жана Ооганстандын футбол командалары 2 тайпага бөлүнгөн. Чемпионат 5-12-июль күндөрү өткөрүлөт.

















