Бүгүн, 21-ноябрда, Бишкек шаарындагы Д. Өмүрзаков атындагы стадионунда 2026-жылы өтүүчү Дүйнө Чемпионатынын тандап алуу оюндарынын алкагындагы көптөн күтүлгөн Кыргызстан-Оман беттеши өтөт. Бул тууралуу Кыргызстан футбол союзунун маалымат кызматынан кабарлашты.
Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталат. Билеттер кассада сатылууда.
Буга чейин кабарлангандай, беттешке кыргызстандык оюнчулар оюн талаасына майыптыгы бар балдардын коштоосунда чыгышат. Иш-чара БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) менен бирге 20-ноябрда белгилене турган Бүткүл дүйнөлүк балдар күнүнө карата уюштурулган.
Эске сала кетсек, ушул турдун алкагында 16-ноябрда Кыргызстандын улуттук курама командасы Куала-Лумпур шаарында Малайзиянын оюнчулары менен беттешип, 4:3 эсебинде жеңилип калган. Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович 20-ноябрдагы маалымат жыйында бул оюндан кийин каталар талданганын белгилеп, алдыдагы беттешке даяр экендиктерин жана анда мыкты сапаттарын көрсөтүшөөрүн билдирген.
2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарында Кыргызстан D тайпасында Кытай Тайбэй, Малайзия жана Оман курамалары менен ойнойт. Кыргызстан ар бир атаандашы менен үйдө жана конокто беттеш өткөрөт.
2026-жылы дүйнө чемпионаты АКШнын, Мексиканын жана Канаданын 16 шаарларында өтөт жана ага биринчи жолу 48 курама команда катышат. Бул мелдешке тандоо оюндары 2023-жылдын сентябрь айында башталып, 2026-жылдын март айында жыйынтыкталат.
Азия континентинен сегиз команда дүйнө чемпионатына жолдомо алат. Тандоо оюндары беш этаптан турат. Кыргызстан курама командасы экинчи этаптан мелдешке катышып жатат. Мында 36 курама команда 9 тайпага бөлүнүп ойнойт. Оюндардын жыйынтыгында тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген 18 команда кийинки баскычка жана 2027-жылы өтө турган Азия Кубогуна жолдомо алат.

















