Бүгүн, 9-январда, Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Вьетнамдын курамасы менен Катарда беттешет. Оюн Азия кубогунун биринчилиги алкагында, машыгуу иретинде болот. Кыргызстан футбол союзунан билдиришкендей, бул контролдук беттеш болгондуктан трансляциясыз өтөт.
“Ак шумкарлар” Азия кубогу үчүн беттештердин алдындагы даярдыктын кезектеги бөлүгүнүн алкагында, буга чейин Өзбекстан, БАЭ жана Сирия менен үч жолу контролдук беттеш өткөргөн. Улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович бул командаларды дүйнөлүк рейтингде бизден жогору турганын айтып, алар менен ойноо “Ак шумкарлар” үчүн пайдалуу болгонун, анткени, алдыда ушундай эле атаандаштык Азия Кубогунда күтөрүн белгилеген.
“Даярдыктын экинчи этабы оюнчулар үчүн кыйла оор болду, анда интенсивдүү машыгуулар орун алды. Оюнчулар машыгуунун жогорку темпинде кантип туруштук берери жана контролдук оюндарда өздөрүн кантип көрсөтөөрү биз үчүн маанилүү болду”,-деген Таркович.
Аталган турнир ушул жылдын 12-январында старт алып, курамабыз тайпалык этап алкагындагы алгачкы беттешин Таиландка каршы 16-январда өткөрөт. Аны УТРК Спорт телеканалы түз алып көрсөтөт.
“Ак шумкарлар” Азия кубогуна экинчи ирет катары менен катышуу мүмкүнчүлүгүн жеңип алышкан. Ал эми быйыл 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатына жолдомо алуу үчүн да күч сынашат.

















