Бүгүн, 24-апрелде, футзал боюнча Азия Кубогунун чейрек финалында Кыргызстандын Улуттук курамасы Иран курамасына каршы ойнойт.
Оюн Таиланддын борборундагы «Бангкок Аренада» өткөрүлөт.
Бул беттешти уткан команда Азия Кубогунун жарым финалына чыгат да, аны менен кошо ушул жылдын сентябрь айында Өзбекстанда өтө турган футзал боюнча Дүйнө Чемпионатына жолдомо алат.
Мындан сырткары, ушул эле күнү АФК Кубогунун интерзоналдык финалынын алкагында кыргызстандык «Абдыш-Ата» клубу австралиялык «Централ Кост Меринерс» менен жооптук беттеш өткөрөт. Оюн Австралиянын Госфорд шаарындагы «Индастри Групп» стадионунда болот.
Бул жуптун биринчи беттеши 17-апрелде, Бишкек шаарында болуп, жыйынтыгында 1-1 эсебинде тең чыгышкан. Ушул оюнду жеңген команда 5-майда өтө турган бул турнирдин гранд финалына жолдомо алат. Финалда бул команданы омандын «Аль-Ахед» клубу күтөт.
Аталган эки оюндун сааттары бирдей убакытка туш келип калды. Тактап айтканда, оюндардын убактысы саат 15:00гө коюлган.
Ошондуктан «Абдыш-Ата» менен «Централ Кост Меринерстин» беттешин УТРК, ал эми футзал боюнча беттешти УТРК Спорт телеканалдары түз алып көрсөтө турган болууда.



















