Eurasiatoday
Дүйшөмбү, 16-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Франциядагы массалык башаламандыктар эмнеге алып барат?

  • Европа
  • 05.07.2023 09:23

Loading

Францияны июнь айынын аягында каптаган көчө нааразылыктары дагы эле тынчыбай жатат. Бийлик аларга каршы күч колдонууда жана такталбаган маалыматтар боюнча интернетти чектеп жатат. Бирок, эскалация уланууда. Өлкөдө жарандык согуш тууралуу да сөз болууда.

Башаламандыктын келип чыгышы

Маасалык башаламандыктардын чыгышына 27-июнда Париждин четиндеги Нантер шаарында 17 жаштагы өспүрүмдүн полициянын колунан каза табышы себеп болду.

Тема боюнча

Европага «кара күн» жакындап келүүдө: Италиянын дүкөндөрүндө текчелер бошоп, Улуу Британияда азык-түлүк камдоого чакырык жасалды

Европага «кара күн» жакындап келүүдө: Италиянын дүкөндөрүндө текчелер бошоп, Улуу Британияда азык-түлүк камдоого чакырык жасалды

29.10.2026

Полициянын маалыматына караганда, автоунаа айдап бараткан Наэль Мерзук аттуу өспүрүм тартип сакчыларынын талабына баш ийбей койгондуктан, атып өлтүрүлгөн. Аны аткан 38 жаштагы полиция кызматкери камакка алынган. Ага атайылап киши өлтүрүү беренеси боюнча айып тагылды. Ал маркумдун үй-бүлөсүнөн эл алдында кечирим сурады.

Кырдаал курчуп баратат

Өспүрүмдүн полициянын колунан каза болушу соцтармактарга жарыялангандан кийин дароо Париждин чет жакаларында, Лиондо, Марсельде, Тулузада жана башка шаарларда баш аламандыктар башталган. Бул жерде жашаган эл, негизинен мигранттар жана алардын үй-бүлөсүнөн чыккан адамдар унааларды өрттөп, административдик имараттарга, полиция бөлүмдөрүнө жана жандармериянын казармаларына кол салышкан. Жаалданган демонстранттар Молотов коктейлин колдонууга өтүшкөн.

Массалык талап-тоноо болуп, кээ бир соода борборлору толугу менен тонолгон. Аймактык бийлик коомдук транспортко чектөө киргизип, элди зарылчылык болбосо, үйдөн чыкпоону сунуштады. Беш күндүн ичинде эки жүзгө жакын полиция жарадар болуп, эки миңден ашуун адам камакка алынган. Башаламакдык учурунда мамлекеттик кызматкер октон каза болду – бул үчүн митингчилер менен полиция бири-бирин айыпташууда. Көчөгө чыккандар Европа үчүн таасирдүү ок атуучу куралдардын запастарын табышты. Куралдын жарымын тартип сакчыларынан тартып алышкан.

Демонстранттардын көбү теги түндүк африкалык жаштар болгондуктан, франциялык ашынган оңчулдар мигранттарды тынчтандырууну талап кылып, тартипти өз алдынча орнотууга даяр экенин ачык айтышты. Шаар бийликтери башаламандыкты басууга ички коопсуздук башкы башкармалыгынын атайын күчтөрүн тартты.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, акциянын катышуучулары 4,5 миңден ашык унааны өрттөп, миңден ашуун имаратты талкалашкан. Жалпысынан 3 миңдей адам кармалган. Башаламандык 2005-жылдан берки эң ири башаламандык экени айтылууда.

Бешинчи республиканын экс-президенттигине талапкер Эрик Земмур уланып жаткан башаламандык жарандык, этникалык жана расалык согуштун башталышы катары кароого болот деген пикирин Europe-1 телеканалынын эфиринде билдирди.

Макрондун тагдыры

Эммануэль Макрон Брюсселдеги Еврокеңештин саммитинен шашылыш чыгып, Парижде антикризистик жыйын өткөрдү. Макрон 2-4-июлга белгиленген Германияга мамлекеттик сапарын жылдырууга аргасыз болду. Ал элдин атынан маркумдун үй-бүлөсүнө тилектештигин билдирди.

Нааразылык акциялары Макрондун кызматтан кетишине алып келбейт, бирок анын рейтинги төмөндөп, өлкөдөгү кырдаал курчуйт, деген пикирин Валдай эл аралык дискуссиялык клубунун программалык директору, МГИМОнун профессору Олег Барабанов ТАСС агенттигине билдирди.

Эксперт өлкөдөгү башаламандыктар Макрондун кызматтан кетишине “алып барышы күмөн” деп белгиледи, “анткени тигил же бул жол менен полиция нааразылык акцияларын басууга кудурети жетет”.

Ошол эле учурда Барабанов массалык нааразылык акциялары француз бийлиги үчүн оор кесепеттерге алып келет деп эсептеди.  Анын айтымында, башаламандыкка француз бийлигинин натыйжасыз саясаты себепчи болду.

Франциядагы башаламандыктар бүткүл Евробиримдикке коркунуч жаратабы?

Франциядан баш аламандык Бельгия менен Швейцарияга тез эле жайылды. Брюсселде демонстрациялар тынч мүнөздө башталып, акырында Аннесенс жана Түштүк вокзалда кырдаал курчуп, митингчилер от жагып, унааларды өрттөп, жолдорду тосушту. Натыйжада жашы жете элек 47 өспүрүм жана 16 чоң адам кармалган.

Жекшембиге караган түнү Швейцариянын Лозанна шаарында жүздөн ашуун жаштар башалмандык чыгарып, бир нече дүкөндөрдүн терезелерин талкалашкан. Жети адам, анын ичинде алтоо жашы жете электер камакка алынганын муниципалдык полиция билдирди.

Германиянын канцлери Олаф Шольц коңшу өлкөдөгү кырдаалга тынчсыздануусун билдирди.

Италиянын тышкы иштер министри жана вице-премьер-министр Антонио Таяни Францияда алтынчы күндөн бери уланып жаткан тополоң жана массалык нааразылык акциялары Европанын башка өлкөлөрүнө да жайылып кетиши мүмкүн деп кооптонуп, мунун алдын алууга чакырды.
Польша өкмөтүнүн башчысы Матеуш Моравецкий Франциядагы башаламандыктар Евробиримдиктин көзөмөлсүз миграциялык саясатынын кесепеттерин көрсөттү деген пикирин билдирди.
ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: башаламандыкЕвропаМакронфранция
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Ормуз кысыгындагы кризис Европада газдын баасын рекорддук деңгээлге жеткирди

Ормуз кысыгындагы кризис Европада газдын баасын рекорддук деңгээлге жеткирди

29.10.2026
Европага «кара күн» жакындап келүүдө: Италиянын дүкөндөрүндө текчелер бошоп, Улуу Британияда азык-түлүк камдоого чакырык жасалды

Европага «кара күн» жакындап келүүдө: Италиянын дүкөндөрүндө текчелер бошоп, Улуу Британияда азык-түлүк камдоого чакырык жасалды

29.10.2026
Испаниянын полициясы Барселонадагы массалык башаламандыкка катышкан 100гө жакын адамды кармады

Испаниянын полициясы Барселонадагы массалык башаламандыкка катышкан 100гө жакын адамды кармады

26.10.2026
Азия менен Европанын ортосундагы газ үчүн күрөш бааларды үч эсеге көтөрдү

Азия менен Европанын ортосундагы газ үчүн күрөш бааларды үч эсеге көтөрдү

23.10.2026
Француздар эмнеге нааразы? Европадагы башаламандыктарга мигранттар күнөөлүүбү?

Француздар эмнеге нааразы? Европадагы башаламандыктарга мигранттар күнөөлүүбү?

21.10.2026
Кремль: Европадагы нааразылык акциялары «башаламандыкка айланып кетүү чегине жетти»

Кремль: Европадагы нааразылык акциялары «башаламандыкка айланып кетүү чегине жетти»

20.10.2026
Франциядан Италияга чейин: Европаны нааразылык толкуну каптады. Видео

Франциядан Италияга чейин: Европаны нааразылык толкуну каптады. Видео

19.10.2026
Аракчи Макронго жооп берди: Франциянын эли түп-тамырынан бери өзгөрүүлөрдү талап кылууда

Аракчи Макронго жооп берди: Франциянын эли түп-тамырынан бери өзгөрүүлөрдү талап кылууда

19.10.2026
NYT: АКШда орус газын Европага жеткирүүнү кайра жандандыруу сунушталды

NYT: АКШда орус газын Европага жеткирүүнү кайра жандандыруу сунушталды

19.10.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026
Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

29.10.2026
Ормуз кысыгындагы кризис Европада газдын баасын рекорддук деңгээлге жеткирди

Ормуз кысыгындагы кризис Европада газдын баасын рекорддук деңгээлге жеткирди

29.10.2026

Валюталар курсу

Экономика

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

15.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
200 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.