Eurasiatoday
Шаршемби, 18-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Франция: парламенттик шайлоонун биринчи айлампасынан кийин башаламандыктар башталды

  • Европа, Саясат
  • 01.07.2024 14:11

Loading

Парижде парламенттик шайлоонун биринчи айлампасынын жыйынтыгына нааразы болгон жарандар полиция менен кагылышты.

Митингчилер тартип сакчыларына фейерверк ыргытышууда, полиция аларды көздөн жаш агызуучу газ менен таратууга аракет кылууда.

Демонстрация бир нече саат тынч мүнөздө өткөн. Анын катышуучулары ашынган оңчулдардын “Улуттук биримдик” партиясы алдыга чыкканына нааразы экендиктерин билдиришип, антифашисттик ураандарды чакырышты.

Тема боюнча

Француздар эмнеге нааразы? Европадагы башаламандыктарга мигранттар күнөөлүүбү?

Француздар эмнеге нааразы? Европадагы башаламандыктарга мигранттар күнөөлүүбү?

21.10.2026

Андан кийин аларга black bloc кыймылынын жаштары кошулган. Алар кафенин терезелерин талкалап, фейерверктерди аттарып, таштанды челектерин өрттөй башташкан. Полиция аларга көздөн жаш агызуучу газ менен жооп берди.

Шаарда ондогон аялдамалар, витриналар талкаланып, таштанды челектери оодарылган.

Парламенттик шайлоонун биринчи турунун алдын ала жыйынтыктары боюнча ашынган оңчулдардын “Улуттук биримдик” партиясы жалпы добуштардын 34,2%на ээ болуп, алдыга чыкты.

Солчул партиялардан куралган “Жаңы элдик фронт” аттуу саясий блок 29,1% добуш топтоп, экинчи орунду ээледи. Ал эми президент Эммануэль Макрондун партиясы курамына кирген “Жалпыбыз республика үчүн” саясий коалициясы 21,5% добуш менен үчүнчү орунга чыкса, Республикачылар партиясы жалпы добуштардын 10,2%ын алып, төртүнчү орунду ээледи.

Добуш берүүгө шайлоочулардын 66,71% катышты. Бул Le Parisien гезитинин жазганына караганда, 2002-жылдан берки мындай шайлоо үчүн эң жогорку көрсөткүч. 2022-жылдагы мурунку шайлоонун биринчи айлампасында шайлоочулардын 39,42%ы катышкан.

9-июндагы Европарламенттин депутаттарын шайлоодо ашынган оңчулдар алдыга чыкканда Макрон кезексиз парламенттик шайлоо жарыялаган. Анда оппозициялык оңчул “Улуттук биримдик” партиясы 31%дан ашык добуш алса, президенттик партия 14,6% менен экинчи орунга чыккан.

Азырынча бир дагы партия добуштардын абсолюттук көпчүлүгүн албагандыктан, 7-июлда боло турган шайлоонун экинчи туру чечүүчү болот.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: митингпарламенттик шайлоофранция
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Испаниянын полициясы Барселонадагы массалык башаламандыкка катышкан 100гө жакын адамды кармады

Испаниянын полициясы Барселонадагы массалык башаламандыкка катышкан 100гө жакын адамды кармады

26.10.2026
Француздар эмнеге нааразы? Европадагы башаламандыктарга мигранттар күнөөлүүбү?

Француздар эмнеге нааразы? Европадагы башаламандыктарга мигранттар күнөөлүүбү?

21.10.2026
Франциядан Италияга чейин: Европаны нааразылык толкуну каптады. Видео

Франциядан Италияга чейин: Европаны нааразылык толкуну каптады. Видео

19.10.2026
Аракчи Макронго жооп берди: Франциянын эли түп-тамырынан бери өзгөрүүлөрдү талап кылууда

Аракчи Макронго жооп берди: Франциянын эли түп-тамырынан бери өзгөрүүлөрдү талап кылууда

19.10.2026
Францияда «сары жилетчендердин» акцияларында 2 миңден ашык адам кармалды

Францияда «сары жилетчендердин» акцияларында 2 миңден ашык адам кармалды

19.10.2026
Франциянын карызы 3,4 триллион еврого жетти

Франциянын карызы 3,4 триллион еврого жетти

10.10.2026
Захарова Елисей сарайынын полициянын балдарга карата ырайымсыздыгы тууралуу унчукпай жатышын сынга алды

Захарова Елисей сарайынын полициянын балдарга карата ырайымсыздыгы тууралуу унчукпай жатышын сынга алды

08.10.2026
Франциядагы окуучулардын нааразылыгы жана Батыш медиасындагы кош стандарттуулук

Франциядагы окуучулардын нааразылыгы жана Батыш медиасындагы кош стандарттуулук

06.10.2026
Францияда окуучулардын нааразычылыгы массалык башаламандыкка айланды. Видео

Францияда окуучулардын нааразычылыгы массалык башаламандыкка айланды. Видео

05.10.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
215 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.